Даанышмандык
Жаздын тентек шамалы сыңары
Өзбек тилинен которулду · Түп нуска
Жаздын тентек шамалы сыңарыАр эшик, жылчыкка уруп көр башыңды.Дудуктун тилиндеги суроосундайБулуттар артынан чыкпайт күнүң.«Дүйнө колумда» деп сүрөсүң кыял,Тыйылбай чуркайт тилиңден сөзүң.Бейкабарсың, чынында абал мындай:Дүйнөнүн колунда туткунсуң өзүң.Нефсиң моюн ийбейт, насаат албайт,Эртели-кеч токуйт амал тузагын.Өзүн жакшы деп көрсөтүп чарчабайт,Жакын деп тастыктайт конуштун алысын.Кимдир күзгү тосо калса жүзүңө капыстан,Даярсың колун сындырууга сен.Жана «нефсим айтканы аткарылсын» деп,Шайтанды шерик деп көндүрүп жатасың.Бирок кебетеңе түстүү беткап кийип,Эч айып-кемчилигиңди моюнга албайсың.Текебердиктин тоодой ташын бут кылып,Сыйынуудан такыр токтобойсуң.Улам коюулайт баштагы коркунучуң,Жаттап алып француз, араб тилин сен,Пешенеңе жазылган болсо тагдырың,Жолуктурсаң пир сыяктуу тарбиячыны сен,Бир күн тапкансың, субханаллах,Ааламдын караңгысын тепселөө үчүн.Эми алдынан тилегин пана,Текебердиктин жоголушу, дилдин кемелдиги үчүн.Бирок байлап кайра мойнуңа тузак,Шайтандын колуна карматтың, аттиң.«Мыктымын» деп баарына жыртасың тамак,Ал эми ичиңде зар да зар...Акром МАЛИК
Комментарийлер
Азырынча комментарий жок. Биринчи болуп пикир калтырыңыз.