Жашоо
Бейпилдикте өттү бир нече учур,
Өзбек тилинен которулду · Түп нуска
Бейпилдикте өттү бир нече учур,Тилде тасбих, хамд, тообо, истигфар.Түштөй болуп калды атүгүл кайгылар,Бейпилдик кучагында тапты дил тынчтык.Тынч кезчү көз ирмемдерди аралап,Капитаны рух болгон дене кемеси.Бирден көтөрүлдү топон гүрүлдөп,Чачылды кеменин жабдыктары.Бир залим көрүндү көздөргө,Акыл-эс качты, көңүл тынчсыз.Эми иш калбады сыйкырдуу сөздөргө,Эми сен да адам эсебинде эмессиң.Эми күйө бергин отто чырсылдап,Бирок үнүң чыкпасын – жарыңа оор тиет.Ушунча чуркап келген убакыт да энтигип,Жүрө албай үнсүз катты, сөзсүз, алсыз.Ах тартпа, ышкыңды билбесин сулуу,Болбосо, изин таба албайсың.Жолдоруна карап калат көздөр,Өлүп да аларды жаба албайсың…Акром МАЛИК
Комментарийлер
Азырынча комментарий жок. Биринчи болуп пикир калтырыңыз.