Тил

Даанышмандык

Бир аалым, олуя адамдын аялы

Өзбек тилинен которулду · Түп нуска

Бир аалым, олуя адамдын аялыТили ачуу эле, мүнөзү абдан оор.Эч бир уялбастан күйөөсүнө батынып,Жаман сөз менен дилге берчү оору.Бул абалдан жакын достор кабардар эле,Атүгүл шакирттер да күбө болгон.Жакындар чогулушуп акыры бир жолу,Устатка айтышты тилектеш болуп:«Зулумдун жебесине төшүңүздү тоспоңуз,Сизге жеткен азап биз үчүн кыйноо.Мындай арман менен өмүрдөн өтпөңүз,Бизге мүмкүнчүлүк бериңиз, табалы сооп.Башкача айтканда, үйлөндүрүп коёлу СиздиКолу-буту чапчаң, тили таттууга.Балдай таттуу айтып ар бир сөздү,Чыгарсын дайыма үйдүн төрүнө».«Тагдырдын даанышмандыгын акылдар билбейт,Казанын иштеринде кандай сыр жашыруун?!Бир аз такыбалык кылып, сабыр кылсак, болду,Өтүп кетет өмүр – шорбу, же таттуу.Мен да сабыр кылайын, талабым – такыбалык,Акырет дартын жүрөгүмө салайын.Башыма дагы чатак көбөйтпөй,Бейиште хурларга үйлөнө салайын».Акром МАЛИК

3 270жолу көрүлдү

Комментарийлер

    Башка ырлар

    Сайтка кирүү

    Реакция калтыруу, комментарий жазуу жана жөндөөлөрдү сактоо үчүн кириңиз.

    Улантуу менен сиз колдонуучу келишимине жана купуялык саясатына макулдук бересиз.