Тил

Сабыр

Бүт аалам баш тартып кеткен оор учурда,

Өзбек тилинен которулду · Түп нуска

Бүт аалам баш тартып кеткен оор учурда,Жалаалардын мизинен жүрөк ооруган учурда.Наныңды жегендер жаныңа канжар сайган учурда,«Жан» дегендер сен үчүн дарлар курган учурда.Көңүлдөр шекке алдырылган учурда,Шайтан айланада шаттанып, абдан керилген учурда.Үмүт көчөтү какшап, суу издеген чактарда,«Кайгы» деп аталган кап-караңгы кудуктарда.Ишенимдердин пайдубалы эрксизден жарака кетип,Ибилистин аскерлери майрам кылса бактылуу.Хактын ырайымы турса да, каар талап кылышса,Хактын бейиши турса да, азап талап кылышса.Сенден башка ар бир киши өзүн олуя деп,Пешенеңе жазылган сөздү кап-кара деп.Башыңа оодарылса дүйнөнүн тоо-ташы,Батса капыстан жаркырап турган достуктун күнү.Эки абалды көрөсүң өмүрүңдүн аянтында,Бири кылгандарыңда, бири достун жанында.Кимге кылдың, эй шордуу, зулум, жапа, эстегин,Кимге ичиңде каздың сен да көр, эстегин.Кимге бердиң азаптар атайын наадандык менен,Эми өзүң чынжырда – ыйлагыдай абал менен.Сен кимди түшүнбөдүң – сени түшүнбөдү,Сен кимди укпадың – сени укпады.Кай иште чектен аштың, чегиңди унуткан элең,Кай иште нефстин буйругун эрксизден кармаган элең?!Баарын эске түшүр – тообого жүз бур, пенде,Амал дептериңдин барагында чын дилден изден, пенде.Эгер кимден көргөн болсоң бекер оору, азап,Сен аны кечиресиң, сени кечирсин Тообону Кабыл Алуучу.Сенин атыңды кимдир ак деп айтпаса, күйбө,Атыңды, даңкыңды эгер таза деп айтпаса, күйбө.Башыңды саждага кой, күйүп тартасың зар,Ар ишти Кудайга толугу менен тапшыр.Экинчи абал ушул: «досмун» деген кайсы эр,Башыңа жааганда мынчалык коркунучтуу дарт,Жаныңда болор бекен ишеними, анты менен?Коргой алар бекен катуулугу, кайраты менен?Дос деген, эң оболу, ар-намысыңа калкан болот,Мизге төшүн тосуп, денеси кызыл канга боёлот.Сени көрсө күнөөдө, кайтарат, дуба кылат,Кудайга көп жалынып, сөзүнө туруктуу болот.Эмне болсо, болсун, дос, дүйнөнүн иши ушул,«Дүйнө» деген жүрөгүңдү сүйүү менен күйгүз.Акром МАЛИК

3 290жолу көрүлдү

Комментарийлер

    Башка ырлар

    Сайтка кирүү

    Реакция калтыруу, комментарий жазуу жана жөндөөлөрдү сактоо үчүн кириңиз.

    Улантуу менен сиз колдонуучу келишимине жана купуялык саясатына макулдук бересиз.