Тил

Даанышмандык

Жашы улгайганда, акылдуулар акырын

Өзбек тилинен которулду · Түп нуска

Жашы улгайганда, акылдуулар акырынСөздөрдүн түйүнүн түйө баштайт.Келген-кеткенге жылмайып токтоо,Башын акырын ийе баштайт.Ушундай затка барып жаш жигит,Жүрөгүндө ысык, берди суроо:«Эмне үчүн айтпайсыз эч кимге осуят,Эмне үчүн сүйлөөнү санайсыз оор?..»Ага назар салды даанышман устаз,Көрдү кандай ак дил, кандай таза.Жылмайып деди: «Аттиң, аттиң,Дүйнөдө сүйлөө калдыбы бизге?..Ким болдук, акыры, батынсакКимдир бирөөгө сүйлөөгө, адеп берүүгө?Топуну бир четке коюп ойлосок,Сүйлөөгө табылбайт жөндүү себеп.Бирок кээде азап жагат ичтен,Жалын кучагында чыдоо кыйын.Сабыр-туруктуулугуң калганда күчтөн,Ыйлап сүйлөйсүң – абалың туруксуз.Ошондо ах-ваһың кечирээрлик, албетте,Ошондо алсыз сени кечирүү мүмкүн.Болбосо, эмне үчүн ар дайым сатуу курулай сөз?!Эмне үчүн адамдарга уу ичирүү?!»Жигит деди дагы: «Аа, улуу зат,Мага машакат Сизди түшүнүү.Бирок сөзүңүздү алдым жаттап,Ой жүгүртөйүн азыр, бүгүн эле.Бирок уруксат бериңиз, бир суроом бар,Жообун билбесем, бооруму кан.Бүгүн дүйнө үстүндө эмне үстөм?Бүгүн кандай абалда турат адам?»«Пайгамбар болсом, мындай суроогоВахий келип, сага берер элем жооп.Бирок кандай сулуу, ийгиликтүү абал,Колубузда вахий топтолгон китеп.Илахий каламды кылсаң тадаббур,Чындык жүрөгүңө кылат тажалли.Хикмат берметтерин ачып бир-бирден,Сөзсүздүктүн тереңине чумкуйсуң, бирок.Дүйнөдө жашоо оңой эмес,Бирок кыйын эмес ашкере.Чегин билсе, бас, бечара адам,Аман-эсен өтөт ушул сапарын.Бирок замананын иштерине кара:Эсин жоготуптур адамзат бүгүн –Ах, кыйроого ачылыптыр кучак,Ичтен ташып келет шайтандык жиндилик.Көбөйөт күндөн күнгө кайгы,Адамзат ар кайдан издейт салтанат.Ансыз да дүйнө бир зындан эле го,Тарып барат бул зындан дагы.Бирок үмүтүңдү жоготпогун эч,Өзүңдү таза тут, вапа ээси бол.Дүйнөнүн ачуу кордугунан кеч,Түбөлүк саадатка, бакытка татыктуу бол!..»Акром МАЛИК

2 890жолу көрүлдү

Комментарийлер

    Башка ырлар

    Сайтка кирүү

    Реакция калтыруу, комментарий жазуу жана жөндөөлөрдү сактоо үчүн кириңиз.

    Улантуу менен сиз колдонуучу келишимине жана купуялык саясатына макулдук бересиз.