Мекен
БУЛ МАНЗУМА ЭМНЕ ҮЧҮН ЖАЗЫЛГАНЫН БАЯН КЫЛАТ
Өзбек тилинен которулду · Түп нуска
Ассалам, Бабажан, эй улуу Султан!Улуу Сахибкыран, Жер жүзүнүн ханы!Сарайыңыздын күмбөзү – бул жети асман,Сизде адилеттиктин шарапаты, шаны.Сиз Кештин перзенти, түрктүн таянычы,Балким, эзилгендердин колдоочусу.Мунафык жалганчылардын башын жанчып,Кечирдиңиз тообокер жандардын күнөөсүн.Ырайым-боорукердик, эрдик, антка бекемдик,Тайманбастык, баатырдык, курч ой –Жеңиштен сүйүнбөй, сыноого чыдамКыла алган Сизге миң ирет ыракмат!Чынында, кызматыңыз таң калууга себеп,Алдыңызда дел болот ар кандай акыл –Адамзат Сиздей инсаптуу, калысДагы кайсы султанды айтып бере алат?!Эзилген бир элдин ичинен капыстанЧагылгандай жаркырап чыктыңыз, Баба!Сизге ариф заттар болгон экен жолдош,Бутуңузга калтырап жыгылды дүйнө.Балким, жаралгандан бери адамзатМиңдеген хан-кагандарды, шахтарды көргөн.Кимдир бирөө канкор эле, дагы кайсы бир затДүйнөнүн имаратын улуу курган.Бирок акыл, адилет, инсап, ыкылас,Ырайым, түшүнүк, мээрим, каар, туруктуулук –Баарын Кудайым Сизге берип өзгөчө,Ааламга көрсөттү теңдешсиз кудурет!Сизге насип кылган ийгилик-мүмкүнчүлүкСейрек көрүлгөн Сизге чейин.Бирок Сизден кийин али эч качанСиздей шахты кайра көргөн жок адамзат.Бүгүн алдыңызда башыбыз ийик,Сизди тааныбай басты гапылдык..Дүйнөнүн сахнасында көкүрөк керипТуруу үчүн муктажбыз, бериңиз жардам!Аа, Сахибкыран, эй улуу каган,Эй шахтардын шахы, падышалардын сыймыгы!Эй Түркстан амири, Турандын малики,Сизге мекен бүгүн – Самарканддын койну.Жардам бериңиз бизге – абалыбыз оор,Напси-кумар тузагы буулат тамагыбызды.Сиздин макамыңыз гүё мираж,Күндөн күнгө өчкүдөй акыркы чогубуз.Келиңиз, колубуздан кармаңыз, Киблагах,Таштап койбоңуз бизди зынданга, кудукка.Жол баштаңыз, сөз айтыңыз, дилде зар, ах,Ээрчип жетели жогорку даргахка!Эң оболу акылды курчутуп, жылмалап,Жүрөктүн күзгүсүнө нур түшсүн, Баба!Анан напсинин башына ышк отун жагып,Сүйүү асманында рух учсун, Баба!Сиз жазган «Тузукка» тигилет көз,Сиз жүргөн жолдорду издейт идирек.Сөзүңүздүн үстүнөн айтууга болбойт сөз,Сөзүңүздүн маанисин жаттасын түрктөр!Бүгүн сөзүңүзгө муктажбыз көбүрөөк,Бүгүн сөздөрүңүз акылыбызга нур.Азат калышы үчүн бул топуракШарт – адегенде азат болушу аң-сезим.Сиздин каламыңыз куткарат дилдиТүрдүү кишендерден, кулдуктан, кордуктан.Ошондуктан таза тутуп дилди да, тилди,Биз чыгууну кааладык караңгылыктан, жардан.Назм – сулуу сүрөт, жаттоо – оңой,Назмда маанилер кысык жана бекем.Ошондуктан, уруксатыңыз болсо, Бабажан,Небереңиз колго алыптыр калем.Маанисин качырбай, чын ыкластанКуттуу «Тузугуңузду» ырга которойун,Осуятыңыз менен толо экен дил,Улуу майдандарда арстандай айкырайын!Бул ырды жаттасын жигит-кыздар,Бул бейттер менен чыксын наристелердин тили.Кимде-ким улуулуктун жолун издесе –Ушул манзуманы жат тутсун дили.Балким, кайра кайта алсак рухуңузга биз,Балким, таба алсак Сизди, Бабажан.Жардам бериңиз, равон жаасын сөз,«Тузуктар» назмга айлансын равон!..Раббим, жазганымды Сен кабыл кылып,Жана элдин көңүлүнө кылгайсың жагымдуу!Окугандар коркуу-кайгыны унутуп,Душмандын башына салышсын дүрбөлөң!Сенин Сүйүктүүңдү сүйгөн Темурбек –Хазрет Сахибкырандын урматы үчүн, Кудай,Көңүлдө кандай тилек болсо макул, жакшы,Ишке ашыр баарын, ар бир муратты!..Жазганымдын кемчилигин жашыр, Кудаям,Берекесин элдерге кыл толугу менен.Анын жакшылыгын берип бул дүйнөдө,Акыретте дагы көрсөткүн урмат!Кимде-ким дуба кылса бизге, эгерде,Эмнени сураса биз үчүн, я Раб! –Боорукердик менен кабыл кылып баарын,Өзүнө да бергин эмне сураса!Акром МАЛИК
Комментарийлер
Азырынча комментарий жок. Биринчи болуп пикир калтырыңыз.