Тил

Жашоо

Кыздар кемчиликсиз болсун дедик баралла,

Өзбек тилинен которулду · Түп нуска

Кыздар кемчиликсиз болсун дедик баралла,Өзүн-өзү баксын болбостон муктаж.Жашасын кыйналбай, ырдап таралла,Ач калбаса болду жана жылаңач.Кандай илим болсо, үйрөттүк, мына,Үйрөттүк бөтөн тилде сайраганды.Мыйзамдар жашоодо кылсын салтанат —Үйрөттүк тилин кантип кайраганды.Чачтарды тармалдоо, жүздүн боёгу,Кантип наз кылмак, жүрмөк катасыз;Ыр ырдоону да, ойнотуп сазды,Үйрөттүк жетекчилик илимин атүгүл.Мейли, кызыкса, тамак бышырсын,Мейли, тигиш тиксин — табиятында бар.Кааласа, Парижди, Лондонду көрсүн,Эркин ойлосун, кылсын ыктыяр.Бүгүн кемчиликсиз, окумуштуу ал,Чеберлик тапты да, заманага шай,Эрге берилгендүү болуу илимин,Аялдык кылууну гана билбейт ал.Акром МАЛИК

11 300жолу көрүлдү

Комментарийлер

    Башка ырлар

    Сайтка кирүү

    Реакция калтыруу, комментарий жазуу жана жөндөөлөрдү сактоо үчүн кириңиз.

    Улантуу менен сиз колдонуучу келишимине жана купуялык саясатына макулдук бересиз.