Даанышмандык
Дос жөнүндө көп сыпаттоо, мактоо,
Өзбек тилинен которулду · Түп нуска
***Дос жөнүндө көп сыпаттоо, мактоо,Дос гүйө жүрөгүң ичинде чок, от.Бирок ой-сананы баспасын кыроо —Душманды унутуп койбогун, уулум!Жердин жер болгону түшүмүнөн маалум,Элдин эл болгону жаасынан маалум.Жигит эр болот кас таап алып,Ойносоң, кылыч менен ойногун, уулум!Эгер киммин десең, башыңды көтөр —Кара, ар кадамда миң бир коркунуч!Айбатың бар болор жоолоруң чакты,Бойуңду душманга ченегин, уулум!Көңүлдө дос үчүн сүйүү болсун,Ар дайым денеңде айбат болсун,Душманга жеңилбес кастык болсун,Жоо-салгылаштан тойбогун, уулум.Бирөө канжар урар, бирөө ок атар,Уулуу найзалар көкүрөккө батар,Чынында душман достор, албетте, сатар,Жоонун вахшатынан коркпогун, уулум!Кас намарт болсо, өзүң мард болгун,Марттык шарабы менен жоого дарт болгун,Хактын даргасында чаң-тозоң болгун,Хак болсоң, артыңа чегинбе, уулум!Дүйнөгө ийилбе, мансапка учпа,Согуш деп минген болсоң, атыңдан түшпө.Жар үчүн азапты кучакта, ырахатты кучпа,Жыргалдын кудугуна жыгылба, уулум!Кыйноо көрсөң, көргүн, бирок ыйлаба,Душмандар дод десин, тик тур дайыма!Кыйкырсаң, титиресин жети кат асман,Пастардын алдында ийилбе, уулум!Душмандын жанын аябай сууруп ал,Эрдик жолунда сүйрөлбө, чуркап бар!Жүзүңдү дайыма кыблага бургун,Коркунуч-үрөйдө ыңгыранба, уулум!Атыңды укса, титиресин жоолор,Сөзүңдөн миң бөлүк чачылсын тосмолор,Сабыңдан сап алсын жүрөгү алптар,Коркок, латталарды киши санаба, уулум!Унутат, жакшылык көрсө, арамы,Ага бөтөн достуктун аты.Жамандын колунда айласы — тузагы,Жамандык кылганга жеңилбе, уулум!Кул гана унутат залымдын зулумун,Көктөргө сапыргын зулумдун күлүн!Сага жолугууга кубансын өлүм,Өлүмгө шарафтар белек эт, уулум!Душман ким? Залым — түбөлүк душман,Шайтан да адамды санады душман,Демек, шайтан — эң чоң душман,Душмандан түбөлүк коркпогун, уулум!Чын дилден улуулардын кызматын кылгын,Дайыма жакшылардын бутун өп.Досуң миң болсо да, аз экен, билгин,Бир даана болсо да, душман — көп!Акром МАЛИК
Комментарийлер
Азырынча комментарий жок. Биринчи болуп пикир калтырыңыз.