Окууга, жазууга, ой жүгүртүүгө жана чындыкты табууга умтулган ар бир жаштын белгилүү бир деңгээлде жөндөмү…
Өзбек тилинен которулду · Түп нуска
Окууга, жазууга, ой жүгүртүүгө жана чындыкты табууга умтулган ар бир жаштын белгилүү бир деңгээлде жөндөмү бар. Мисалы, окуп, өздөштүрө алат; тапшырмаларды жакшы аткарат; далилдерди жакшы талдап, чечим бере алат; оюн ачык-айкын баяндай алат; пайдалуу жаңылыктарды таба алат жана башкалар. Бирок бул жөндөмдөр жетиштүү түрдө мөмө бербейт. Жазында дарактар жайнап гүлдөйт, ошол гүлдөрдүн ар бири мөмөгө айланат – жаштардын жөндөмү гүл сыяктуу, алар мөмө бериши керек; дарактардын гүлдөрү мөмө бербешинин себептеринин бири – капыстан кар жаап, суук түшүшү; бул нерселер гүлдөрдү төгүп, мөмө берүү мүмкүнчүлүгүнөн ажыратат. Жаштардын да жөндөмдөрү эмне үчүн мөмө бербеши жөнүндө, тагыраак айтканда, кандай себептер менен аларды суук уруп кетиши жөнүндө сүйлөшөбүз. Ар кандай жөндөм тарбияга муктаж. Тарбиясыз жетишкендиктер мүмкүн эмес. Тарбия берүүчү мураббий деп аталат. Ар бир жашка мураббий керек. Жаштар сабырсыз. Көңүлүн жана назарын топтоодо кыйналышат. Көптү көргөн, адал жана таза мураббий илим алууга байланыштуу тапшырма берсе, аны шашпай, сабыр менен аткаруу керек. Антпесе, убакыт өтөт, илим менен азыктанбаган адам утулат. Жаштардын көбү таанылууга кумар болушат. Адамдар мени тааныса, урматтаса деп эңсейт. Ошондуктан көпчүлүк жаш короздор социалдык тармак аркылуу даңк алууга аракет кылышат. Көрүүлөрдүн санына карап, канааттанышат. Бул – кемелдик жолундагы эң чоң иллет. Анткени жүрөккө кирген атак-даңктын ырахаты жүрөктөгү ак ниеттик менен тазалыкты кетирет. Көзгө парда болуп түшөт. Гафлаттын чынжырына байлайт. Эки жүздүүлүккө жана көзгө көрүнмөйлүккө жетелейт. Чын ыкластан ажыратат. Мактанчаактыкка кабылтат. Сүйлөөгө сөз түгөнгөндө, өз жашооң тууралуу уялбай сүйлөй баштайсың: жалгыз калдым, социалдык тармактан орозо кармадым жана башкалар. Адам өз сырын айта берсе, куп-куру калат жана өзүн күчсүз, алсыз сезет. Жаштар белгилүү адамдар менен таанышууга, алар менен жакын болууга да аракет кылышат. Бул да оору. Тааныштарынын абийир-атагы менен өзүн абдан маанилүү жана акылдуу кылып көрсөтүү үмүтү – эң чоң шермендечилик ушул. Адамдын жашоодо устазы бир киши болот. Ошол устаздын сунушу менен башка устаздарга барылат. Ар кимди устаз деп этегинен кармоо мүмкүн эмес. Устаз дегенибиз да чектен ашпаган, терең кетпеген, тайыздыкка отурбаган, тескерисинче, ортону – ченемди кармаган зат болсун. Ошентип, сабырдуу, тырышчаак, атак-даңкка алдырбаган, кичи пейил жана жоош жаштардын келечегинен үмүт бар. Эң негизгиси, таанылууга болгон кумардын отун өчүрө алсак, болду.
Акром МАЛИК



Комментарийлер
Азырынча комментарий жок. Биринчи болуп пикир калтырыңыз.