Тил

Талдоо

Өзбек тилинен которулду · Түп нуска

Бул хикаятты окуп, бир нече жагдайларды түшүнүүгө болот. Эң оболу адамдар өзгөрбөгөнүн билүүгө болот. Башкача айтканда, хикаятта бир катаал устаз бар жана аны автор абдан жаман сыпаттар менен сүрөттөйт жана аны сындайт. Бирок анын айбаты хикаятта негизги темалардын бири болуп турат. Азыркы заманда да ушул чындыкты көрө алабыз. Бул хикаяттагы негизги көңүл балдардын билими жана тарбиясына бурулган. Башкача айтканда, хикаят негизинен ушул теманын айланасында биригет деп айтсак да болот. Анткени дал ушул хикаят «Гулистони түркий» чыгармасынын жетинчи бөлүмүндө – тарбиянын таасири жөнүндөгү бөлүмдө келген. Дагы бир далил – хикаятта келген эки ыр. Мындан ата-бабаларыбыз балдардын билими жана тарбиясына катуу көңүл бурушканын билүүгө болот. Дагы бир негизги көңүл бура турган жерибиз – азыркы күндө билим берүү тутумубуз боюнча мектептерде эң көп талкууларга жана чыр-чатактарга себеп болуп жаткан көрүнүш – бул окуучуларда устаздын айбаты болбой, мугалимдер менен жака кармашып, алар менен урушууга чейин барышы. Хикаяттан билүүгө болот: устаздын айбаты болгондо, окуучулар аргасыздан болсо да окушат. Устаздын айбаты кетти – илим алуу да токтоду. Устаздын айбаты боло турган болсо, окуучу устазына кол көтөрүү турсун, тике да карай албайт. Жана дал ушул ата-бабаларыбыз калтырган тарбия болуп эсептелет. Хикаятта автор катаал устаздын ордуна жумшак жана ачык көңүл устаз келгенде, балдардын илим окубай калган жерин назик сүрөттөйт. Башкача айтканда, салих устаздын өзүн жумшак, көңүлү таза деп жакшы сыпаттар менен мактайт. Себеби, эгер мактабаса, салихтикке карата жаман сезим пайда болушу мүмкүн. Анткени салих устаз келип, балдардын билими жаман тарапка өзгөрдү. Дагы бир биле турган нерсебиз – азыр айрымдар доо кылып жүргөндөй, мусулмандар кыздарын окутпайт деген доолордун жалган экенин көрө алабыз. Хикаятта эркек балдар менен бирге кыз балдар да эскерилет.

Султон НИЗОМИДДИН

1 600жолу көрүлдү

Комментарийлер

    Башка макалалар

    Тез натыйжа болбойт. Кимдир бирөөнүн ырыскысы кең болуп, жаш кезинде байып кетиши мүмкүн. Бирок бул өмүр бою…

    Бир бала 9 ай 9 күндө төрөлөт. Бир жигит 20 жашта денеси, акылы менен жашоого даяр болот. Адам 40 жашта кемелине жетет. Мөмөлөрдүн бышышы үчүн да убакыт керек. Эмне тез бүтүп…

    1 мүн.

    Пайдалуу иштер адамды чарчатпайт. Адамды пайдасыз жана зыяндуу иштер алсыратат. Адам баласы өз жашоосуна көз…

    Мейли оюн-күлкү кылсын, мейли башка иш – адамда бир аз инсап болсо, анын не дүйнө, не акырет үчүн пайдалуу иш кылбаганын сезсе, кысылат, кайгыга батат. Кайгыга батпаса, демек, ал…

    2 мүн.

    Сегизинчи бап

    КАЙЫН ЖУРТ Бешинчи бөлүм Күйөө бала жана анын кайын журту Урматтуу окурман байкаган болсо керек, үй-бүлөдөгү ар бир абалды кеңири түшүндүрүүгө жана өзгөрбөс эрежелерди эскерүүгө…

    4 мүн.

    Сайтка кирүү

    Реакция калтыруу, комментарий жазуу жана жөндөөлөрдү сактоо үчүн кириңиз.

    Улантуу менен сиз колдонуучу келишимине жана купуялык саясатына макулдук бересиз.