Тил

Өнүгүү – туу чокусунда. Сөөлөттүү имараттар. Костюм-шымчан адамдар. Миңдеген адамдарды чогулткан залдар.…

Өзбек тилинен которулду · Түп нуска

Өнүгүү – туу чокусунда. Сөөлөттүү имараттар. Костюм-шымчан адамдар. Миңдеген адамдарды чогулткан залдар.… — сүрөт

Өнүгүү – туу чокусунда. Сөөлөттүү имараттар. Костюм-шымчан адамдар. Миңдеген адамдарды чогулткан залдар. Чечендер – монитордон кандайдыр бир сызмаларды көрсөткөн, өзүн шаан-шөкөттүү кармаган, назданып, чоюлуп, угуучулардын көңүл буруусунан мас болуп, жетинчи кабат асманда учуп жүргөн чечендер. Чырактар. Музыка. Таралган чачтар, жарашыктуу кийимдер, кынаптай сындар, салабаттуу көз караштар. Ичиңде бир нерсе жылк этип кетет. Капыстан жүрөгүң дүкүлдөп кетет. «Мен да ушулардын катарында болсомчу!» Бул көрүнүш youtube'дагы видеодо абдан кызыктуу көрүнөт. Баарынын оозунан байлыктын убадасы жаңырат: «Бай бол! Бай бол! Дагы бай бол!» Ара-чолодо, мисалы, ислам, үммөт, мусулмандык сыяктуу сөздөрдү кыстарып кетишет: «ислам каржысы», «мусулмандык салттары», «ислам каржысы ушунчалык кемчиликсиз», «эгер атеист болсом да, ислам каржысын тандамакмын», «үммөт үчүн кызмат»… Бирок көңүл бурсаң, алардын түр-түспөлүндө ислам да, мусулман да көрүнбөйт. Бирок каржы болушу мүмкүн. Жаш жана ак көңүл, ойсуз жана чийки, бышпаган жана дин менен жаңыдан таанышкандар өмүрүнүн эң улуу ишин кылып жатканына ишенип жаткандай да көрүнөт. Бирок жүрөктөгү кайгы эмне экенин ар ким өзү текшериши керек: бир таразаны өзүң үчүн жаса; анын бир табагына каржы, байлык, абийир-атак, дүйнө түйшүгүн кой; экинчи табагына өлүмдөн канчалык коркосуң, акыретти канчалык ойлоп жатасың, Кудайдын зикири жана Ага шүгүр үчүн канча көз ирмемиңди бөлүп жатасың – ушулардын жообун кой – адилеттик менен тартып көрчү, кайсы тарабы оор келип жатат? Жообу мага да, Асан менен Үсөнгө да кызык эмес, өзүң билип кой, жетет. Жообу чынында кайсы тарапта турганыңды, тагыраак айтканда эмне менен алек экениңди көрсөтөт. Көлөм жана сан кээде маңызды чагылдырбайт. Чоң көлөм жана көп сан маңыз ушунчалык бийик жана таза дегенди билдирбейт. Так эле жалтыратылган жана ар түрдүү терминдер менен кооздолгон сөз дайыма эле чындыкты чагылдырбагандай. Тиги сахнадагылар, тиги жасалга-кооздукка оронгон заттар бул видеолору аркылуу базар ачып жатышат, болгону ушул. Алардын көрсөтмөсү базардын катарынан айырмасыз. Мындай катарлар аларга гана мүнөздүү эмес, дүйнө элинин ар бири дүйнө аянтынын ар бир карышын мындай катар менен, жайма менен толтуруп салышкан. Аларга оозун ачып карап жүрүү менен күн кеч болот. Убакыт өтөт. Алардын катарына кошулайын деп умтулуу – өз баалуулугуңду жерге уруу. Ар ким Кудай аны койгон жеринде азиз. Таш бакага учамын деген каалоосу өзү үчүн кандай зыян болсо, таранчыга жерде жашоо каалоосу өзү үчүн ошончолук коркунуч. Ар кимдин коргоосу анын турган жеринде жана ээлеген макамында жашырылган. Мындан ары «прогресс» күчөй берет, «өнүгүүнүн» жалыны каптап албаган жерлер калбайт, болгону убакыт керек. Жүрөгүн жана акылын, денесин жана тукумун, дүйнөсүн жана акыретин сактап калуу, башкача айтканда бул өрттөн жан сактоо, балким, бул отто өзүңө керектүү тамакты күйгүзбөй бышырып алуу эми негизги ишке айланат. Жер каалаган убакта жарылат, асман каалаган убакта жамгыр эмес, таш жаадыра алат, шамал сенден сурабай ааламдын күлүн көккө сапырат – жер бетинде канчалык имарат-курулуштарды курба, алардын бийик экенине карап канчалык мас болбо, аларды бир заматта жок кыла турган Күч бар. Канчалык жыш даврада болбо, канчалык ырахаттын кучагына чөкпө, баары бир жалгыздыктын ачуусун татууга аргасызсың, баары бир алсыздыктын чынжырында жан берүүгө мажбурсуң. Жүрөк ээлери, акыл ээлери багытты ушуга карап алышат, багыттан адашып калышпайт. Асман тиреген мунаралардын токоюнда өзүңдү жоготуп койбосоң болду, антпесе, кийин табышың абдан кыйын.

Акром МАЛИК

2 130жолу көрүлдү

Комментарийлер

    Башка макалалар

    Жүрөк – абдан назик жаратылыш. Аны бир тамчы шүүдүргө салыштырсакпы? Таңда гүлдүн жалбырагын мекен кылган…

    Жүрөк шүүдүрүн сактоо үчүн аны күзөтчүлөр менен коргоо керек. Биринчи күзөтчү – акыл. Акыл жүрөккө керексиз, маанайды түшүрө турган сөздөрдү киргизбесин. Сиз тууралуу айрым…

    2 мүн.

    Окууга, жазууга, ой жүгүртүүгө жана чындыкты табууга умтулган ар бир жаштын белгилүү бир деңгээлде жөндөмү…

    Жазында дарактар жайнап гүлдөйт, ошол гүлдөрдүн ар бири мөмөгө айланат – жаштардын жөндөмү гүл сыяктуу, алар мөмө бериши керек; дарактардын гүлдөрү мөмө бербешинин себептеринин…

    2 мүн.

    Сегизинчи бөлүм

    КАЙЫН ЖУРТ Алтынчы бап Кайын эже, кайын сиңди, абысындар жана кудалар Келиндин маселеси кайын эне же кайын ата, күйөө төрө менен эле бүтпөйт: бул жакта кайын эже, кайын сиңди…

    5 мүн.

    Сайтка кирүү

    Реакция калтыруу, комментарий жазуу жана жөндөөлөрдү сактоо үчүн кириңиз.

    Улантуу менен сиз колдонуучу келишимине жана купуялык саясатына макулдук бересиз.