Жүрөк – абдан назик жаратылыш. Аны бир тамчы шүүдүргө салыштырсакпы? Таңда гүлдүн жалбырагын мекен кылган…
Өзбек тилинен которулду · Түп нуска
Жүрөк – абдан назик жаратылыш. Аны бир тамчы шүүдүргө салыштырсакпы? Таңда гүлдүн жалбырагын мекен кылган шүүдүрдүн дирилдеп турушу көз алдыңызга келсин. Жүрөк да ушундай: дирилдеп турат, бир аз чаң аны кирдетет; жок болушу оңой – күн аны буулантып жиберет; шамал аны төгүп салат. Шүүдүрдү ушул таза жана жаркыраган абалында сактоо канчалык татаал болсо, жүрөктү да тунук жана таза абалда сактоо ошончолук машакат. Жүрөк шүүдүрүн сактоо үчүн аны күзөтчүлөр менен коргоо керек. Биринчи күзөтчү – акыл. Акыл жүрөккө керексиз, маанайды түшүрө турган сөздөрдү киргизбесин. Сиз тууралуу айрым ушактар бар, аларды билбесеңиз, пайдалуураак. Билсеңиз, кайгыга гана батасыз. Жана башкалардын да айрым жаман иштери тууралуу ушактар бар, алардан кабарсыз калсаңыз, эч нерсе жоготпойсуз. Аларды билбеген, көрбөгөн жакшы. Адамдар тууралуу жакшы ойдо жана пикирде болуу алар жөнүндө жийиркеничтүү чындыктарды билип, көңүл калып, жек көргөндөн жакшыраак. Бирөөлөрдүн ката жана күнөөлөрүн издөө жана бул тууралуу сөз таратуу эң биринчи кезекте ошол ушакчынын өзүнө зыян келтирет – жүрөгү мындан чексиз азап тартат. Экинчиден, бул бузукулукту таратуунун бир жолу. Үчүнчүдөн, күнөөкөр болсо да, аны шерменде кылуу эч туура эмес, анткени тообонун эшиктери ачык. Албетте, бул жерде зулумдук – башка маселе: кимдир бирөөнүн зулумга кабылып жатканын көргөн адам зулумга каршы күрөшүүгө тийиш. Зулум – эч качан эптешүүгө болбой турган иш. Адам кааласа да, каалабаса да, айланасындагы адамдар менен байланышкан. Адамдар бири-бирине жардам беришет жана жардам көрүшөт. Эгер адамдардын өз ара жардам жиптери үзүлсө, бүт коом бактысыздыкка кабылат. Жакшылык иши эч качан токтобошу шарт. Жакшылыктын эң жогоркусу – сага жамандык кылганга жакшылык кылышың. Бул жакшылыкты кылып жатканда, миндеттөө жана оройлуктан, текеберчилик жана рияадан таза болуу талап кылынат. Ар кандай адамды жакшылыктан тосуучу нерсе – башкалар тууралуу жаман ойдо жана кыялда болуу. «Баланча сен жөнүндө мындай деди!» – деген сөз ар кандай адамды ага жакшылык кылуудан дароо токтотот, балким, жамандык кылууга түрткү берет. Бир эле сөз менен жакшылык булактарынын көзүн жаап салууга болот. Адам өз оозуна ээлик кылууга алсыз го, башкалардын оозун жаап коюуга болор беле? Демек, ушак жана жалаа сөздөрүнө тосмо куруу абдан кыйын. Ошондуктан адамдын акыл деп аталган күзөтчүсү ар бир сөздү текшере билиши керек. Ал үчүн угулган ар бир сүйлөмгө туткун болбой, анын чын же калп экенин билүү керек. Эгерде бул мүмкүн эмес болсо, бул ишти Кудайга тапшырып, Кудайдын хикматы менен чындыктын бетке чыгышын күткөнү оң. Ошондуктан улуулар бир тараптын сөзүнө таянып, жыйынтык чыгарба дешкен. Экинчи тарапты да ук, балким, чындык ушул эки сөздүн ортосундадыр?! Андай кыла албасаң, сабыр кыл, күт. Дарыяга чөккөн өлүк, албетте, бетке калкып чыгат. Эң негизгиси, жүрөгүңдү аяп сакта.
Акром МАЛИК



Комментарийлер
Азырынча комментарий жок. Биринчи болуп пикир калтырыңыз.