ТОГУЗУНЧУ БӨЛҮМ
Өзбек тилинен которулду · Түп нуска
ТОГУЗУНЧУ БӨЛҮМ
Үчүнчү бап
Чоңоюунун тепкичтери
Эки жаштан кийин баланын чоңоюшу тездейт – бүтпөгөн суроолор, жайнаган көздөр, оюнкараактык. Өзбекче «бола» – бала өз аты менен бал! Бал, ээ?! Башкача айтканда, «бола» деген сөз «бол» – бал деген сөзгө окшош. Бирок анын тарбиясына кылдаттык, сергектик менен мамиле кылуу керек, баланын бал экени кишини алдап койбосун. Башкача айтканда, балага мээрим көрсөтүүдө жана боорукердик кылууда чектен ашып кетүү каалабаган кесепеттерге алып келет. Тактык үчүн айрым маанилүү деп эсептеген сунуштарыбызды сандар менен санап сунуш кылсак: 1. Бала менен балдарча тилде эмес, толук кандуу чоңдордун тилинде сүйлөшүлөт. 2. Баланы вундеркинд кылып тарбиялайм деп, ага бир карыш кезинен окуп-жазууну жана башка нерселерди үйрөтөм деп, анын балалыгын, шоктугун уурдап албаңыз. 3. Эң маанилүү жана назик маселе: чоңдор, өзгөчө ата-энелер макулдаша албай калса, маселени балдардын көзүнөн алыс, өзүнчө чечиңиз. Эч качан наристелердин көз алдында чуу-дүрбөлөң, адепсиздик кылбаңыз.
4. Баланын жыгылышы, шоктук кылышы табигый, бирок ата-эне өзүн ушундай алып жүрүшү керек, бала эркелөөнүн чеги бар экенин өзү түшүнсүн. Бирок бул чек кыйкыруу же коркутуу, баланын жүрөгүн түшүрүү менен болбойт. 5. Баланы темир-тезектен – телефон менен «көңүл бузардан» алыс кармоо шарт. Бала үч жаштан кийин жомок жана аңгемелерди жакшы көрүп калат. Ага ар кандай оюнчуктар, түстүү сүрөттүү китептер алып берилет. Андан кийин китептерден балдарга кызыктуу үн менен ар кандай аңгеме жана жомокторду окуп берүү керек. Бул нерселер балага кайталангыс дүйнөнү белек кылат – бала бул жомок жана уламыштар дүйнөсүн кыялында тургузат, жомок укканды сүйөт, ошондуктан эң таза сүрөттөр, таза сөздөр жана көрүнүштөр колдонулат, жомоктордун аягы жакшылык менен гана бүтүшү, коркпоо жана эрдик анда даңазаланышы шарт. 6. Баланын оюн сааттары, оюн аянттары жана достору болушу керек жана муну ата-эне көзөмөлдөйт. Уулду же кызды киндикке байлап алуунун кереги жок, андан улуураак эстүү агалары болсо, абдан жакшы, болбосо, баланын эркин ойношу үчүн шарт түзүү керек. 7. Балага акырындап иш буюруу жана эң кичине ишин да мактоо керек. Эч качан баланын көңүлүн калтырбаңыз, ал мээрим булагынын суусуна дайыма кансын. Балаңызды мээримге суусатып калтырбаңыз. 8. Бала өз каалоолорун айтканда, аларды аткарыңыз, бирок дароо эмес, кечиктирип, мөөнөт коюп, кичинекей наристеңиз да ар бир нерсе убагы келгенде болорун, сабыр керек экенин ушундай жол менен сезип барсын. 9. Беш-алты жаштан баштап күн сайын жарым саат, бир саат тамга таанытуу, сандарды жаттатуу үчүн убакыт бөлгөн оң. Бала алты жашында окууну жана санаганды, атүгүл жеңил эсептөөлөрдү, түстөрдү ажыратууну, оюнчуктарды жайып, жыйнаганды билсе, жакшы. 10. Бала жети жашка чыкканда мамиле олуттуу түскө ээ болот – эркелетүүнү токтотуп, балага жоопкерчиликтүү инсан катары мамиле кылуу баскычы башталат. Эми анын оюн сааттары азаят, сабак сааттары, үй-бүлөгө жардам сааттары көбөйөт. Ага олуттуу көз менен каралат. Ката кылса, бир аз кабак чытылат, андай кылба деп айтылат. Жети жаштан он жети жашка чейин баланы кулдай кармоо тууралуу акылман сөз бекер жерден айтылган эмес. Бала жети жашка чейин тактыда отурсун, андан кийин тактыдан түшүрүлөт. Алгачкы жети жыл анын денеси да, руху да чоңоюучу жылдар эле, андан кийин да ага зыян келтирилбейт, болгону тартипке жана тактыкка, жоопкерчиликке жана дисциплинага көндүрүү аракети башталат. 11. Балага тапшырмалар, аларды аткаруу боюнча түшүндүрмөлөр жана белгилүү убакыт берилет. Берилген тапшырманын аткарылышы сөзсүз текшерилет. Буга короону шыпырып кой, үйдү тазала, баланча нерсени жеткирип бер сыяктуу тапшырмалар кирет. Балага ишти чала аткарууга жол берилбейт. 12. Бала акча менен мамиле кыла билиши керек. Ага жети жаштан баштап так эсеп негизинде акча берилет жана чыгымдары түшүндүрүлөт, атүгүл ушул жаштан баштап баланын белгилүү бир дене (!) эмгеги үчүн акча берүүгө болот, эгер чыгармачылыгы болсо, чыгармачыл иши үчүн да. Сабак жана башка ушул сыяктуу иштер үчүн эмес, чеберчиликти жана акылды, дене күчүн жана убакытты талап кылган так иштер үчүн акы берүү керек. Тапкан акчасын бирге санап, капчыкка же анын акча кутусуна салып, белгилүү бир бөлүгүн эхсанга бөлүүнү үйрөтүү керек. Эхсан дегенде, эң оболу, чоң ата-чоң энесине акча белек кылууну үйрөнсүн. Андан соң кирешеси аз апа-таежелерине. Андан кийин тууган-туушкан, кошуналардын ичинен муктаждарга. Ушундай каржы тутумун түзүү керек, баланын өзү жыйнаган акчасына өзүнө мектеп кийимин жана окуу куралдарын бирге сатып алуу керек. Ошондо сегиз жаштагы бала кийимдерин этият кармаганын, дептерлерин аяганын, өзүн чоңдордой олуттуу алып жүргөнүн көрөсүз. Анын көз алдында дене эмгеги жана убакыт акчага – баалуулукка айланат. Бул аны өстүрүп жиберет – баланын мээсинде бекерчиликке орун калбайт. Балага уйку, сабак убактыларын так белгилөө керек. 13. Баланы он жашында усталарга шакирт кылып берүү керек. Уста адамдын таза, адал жана үй-бүлөлүү, боорукер, мүнөзү таза экенин катуу текшериңиз. Бала күн сайын үч саат өнөр үйрөнсүн. Мында жылдарды бөлүштүрүүгө болот: өтүкчүлүк, жыгач усталыгы, электрик, сантехника, кыш тергендик, шыбакчылык, атүгүл тигүүчүлүк. Ар жылы бирден устага шакирт болот. Он жети жашка чейин бала он өнөрдү өздөштүрө алса, нур үстүнө нур. Ушул жашында слесарь-ширетүүчүлүктү (сварка), араба усталыгын (машина оңдоо, велосипед оңдоо) үйрөнсө, эми сөз болушу мүмкүн эмес! 14. Мектеп бардык нерсени бербейт, бүгүнкү деңгээлдеги мектеп эң оболу окуу, жазуу, эсептөө, география, тарых сыяктуу сабактарды окутса, кошумча физика, химия сыяктуу илимдердин негизги маалыматтарын бере алса да чоң иш. Бүгүнкү деңгээлдеги мектеп баланын тарбиясына жана табиятына сокку урбаса, аны бузбаса, улуу иш саналмак. Ушул мааниде баланы жеке мектеп деп аталган жасалма бейиш күнөсканасында эмес, атанын жетекчилиги алдында үй-бүлөнүн кучагында көбүрөөк тарбиялоо жана жашоого даярдоо бүгүн актуалдуу. Ушул мааниде баланы саат 12.00гө чейин кармап отуруп, андан кийин үйүнө коё берген расмий мектепке берүү максатка ылайык келүүдө. Анткени ал акысыз да, баланын күнүнүн тең жарымы өз ыктыярында, ата-эненин ыктыярында калууда. Баланын жарым күнүн эркин өткөрүүгө уруксат берген мектепке ыраазычылык айтып, балага убакыт бөлүү ата-эненин жашоосуна да маани берет, ата-эне катары милдетин туура аткарууга да мүмкүнчүлүк берет. Ата-эне баланы өнөргө же соодага гана таштабайт, тескерисинче, анын китеп окуу жана өз алдынча илим алуу көндүмү үчүн да жардам берет. Ата-энелерге сунуш мындай: классикалык жана заманбап акындардын чыгармачылыгынан ар кандай хикматтарды балаңызга жумасына 30 саптан жаттатып барсаңыз, жакшы болор эле. Жылдар бою бул жаттаган хикматтар баланын ой жүгүртүүсүн куруп, анын дүйнөгө болгон көз карашынын туура калыптанышына салым кошмок. 15. Балага кийим тандоону – кымбат болсо, сапаттуу жана түсү жарашкан, өлчөмү туура келген кийим тандоону, ошондой эле адал жана таза тамактарды тандап жегенди үйрөтүү керек. Баланын аң-сезимине өзү иштеп тапкан акчанын эсебинен бышырылган тамакты гана тартынбай жесе болорун сиңирип коюу шарт. Жыйынтыктап айта турган болсок, баланы адам кылып тарбиялайлы. Ал бир нече тилде чулдурабасын, заманбап жигит же кыз болбосун, бирок эрктүү, туруктуу, берилген, эмгекчил, ишкер, инсаптуу, өнөрлүү, эр жүрөк, үй-бүлөчүл жана башка ушул сыяктуу адамдык сапаттарга ээ болуп чоңойсун.
Биздин жеке (чынында, тарыхтан келген тажрыйба) сунушубуз мындай: балаңызга ата-бабаларыбыз үйрөнгөн эски түрк алфавитин үйрөтүңүз, андан кийин акырындап эки-үч жылдын ичинде «Сабатул ожизин» китебин жаттатып коюңуз, андан соң он үч жашынан баштап Сайфи Сарайи хазреттери жазган (чынында шейх Саади хазреттерине таандык болгон) «Түрк гүлстаны» китебин окутуңуз. Ушул убакытта Алихан Төрө Согуни хазреттеринин калемине таандык «Тарихи Мухаммади», «Түркстан кайгысы» сыяктуу китептерди да мутолаа кылып барганы жакшы. Натыйжада анын көзүнө дүйнө жаркырап ачылат. Балаңызды туура ой жүгүртүүгө, чечкиндүүлүккө үйрөтсөңүз, болду, андан тынчсызданууга муктаждык жок: аны эч ким жолдон ура албайт, өздүгүн жоготуп, эми чет өлкөдө жашап, мекенинде калгандарга бакылдап акыл үйрөтүп жаткан наадандарга да аралашып жүрбөйт.
Акром МАЛИК




Комментарийлер
Азырынча комментарий жок. Биринчи болуп пикир калтырыңыз.