Туруктуу жана туруксуз
Өзбек тилинен которулду · Түп нуска
Бир суроо ортого чыгып калды: туруксуз адамдын сапаттары кандай болот? Тажрыйбадан улам айтылды: туруксуз адам абалды толук эсепке албай чечим кабыл алат. Анан ал чечимден тез эле баш тартат, жаңы токтомго келет, бирок аны да толук ишке ашыра албайт.
Туруксуз адам шашма болот жана ар кандай абалда биринчи болуп пикир билдирет. Пикирим туура болсун деп эмес, тынымсыз сүйлөп турушум керек деп ойлойт.
Жыйынтыктары жана мамилелери так негиздерге таянбагандыктан, башкалардан өз пикирине каршы пикир укса, тез өзгөрөт, эң кызыгы, бул жерде да ага айтылып жаткан пикирлердин негиздүү экенине кызыкпайт, тескерисинче, сезимдүү обондо, катуу үн менен, коркутуу же мактоо менен ага кандайдыр бир пикир айтылса, жетиштүү – ошол тарапка өтүп алат.
Негиздүү, далилдүү жана туура пикир айтылса да, кайсы бир убакта коркуу же толкундануу басымдуулук кылса, мурунку чечими жана убадасынын чегинен жаадан чыккан октой чыгып, мурда айтканына карама-каршы иш да кылып жибере берет.
Баштаган ишин эч качан аягына чыгарбайт, кызыгы, ар кандай жакшы ишке чоң кызыгуу билдирет, ырахаттанат, тарапкер болот, жең түрүп киришет, бирок абдан тез көңүлү калат жана ошол ишти жарым-жартылай таштап коёт.
Туруксуз адамды маанайы башкарат, ал маанайын башкара албайт. Туруксуз адамдан берилген дос, сырдаш, алыс жолго бара турган жолдош чыкпайт. Туруксуз адамдан качуу жана андан алыс туруу керек. Аны менен кызматташууга болбойт. Эч качан айтылган убакта айтылган иш болбойт. Туруксуздардын эң жийиркеничтүү оорусу – өздөрүн так эле маанилүү иштин үстүндө жүргөндөй көрсөтүшү.
Алар кечээки досторун бүгүн оозунан көбүк чачып жамандашат, берилген жардам жана көмөктөрдү унутушат жана туруксуздардан эч качан чоң иш калбайт.
Туруктуу адам – сабырдуу, шашпаган, жети өлчөп бир кескен, натыйжалар үчүн шашпаган, белгилеп алган максатынын жолунда күн сайын иштеген, ар ким менен сүйлөшө бербеген, ар кимдин сөзүнө карап чечим кабыл албаган, оңой эле чечимдерин өзгөртпөгөн, бир ишти бүтүрбөй туруп экинчисине өтпөгөн, коркуу же толкундануу, чарчоо же оору себептүү милдетин унутпаган, кандайдыр бир марага жетүү жолунда жыгылса, кайра ордунан турган, дагы жыгылса, дагы аракет кылган, максатынан баш тартпаган, дос тандоодо шашпаган, дос тандагандан кийин анын чоң-кичине кемчиликтерине сабыр кылган, ал кемчиликтер оңолушу үчүн күрөшкөн, кыскасы, изинен кайтпаган арстан, сөзүнөн кайтпаган жигит.
Адам туруксуз болсо, муну жеңе албаса, кайсы бир туруктуу адамды ээрчиши керек. Туруктуулар туруксуздарга үлгү боло алат. Оорусун дарылайт.
Акром МАЛИК




Комментарийлер
Азырынча комментарий жок. Биринчи болуп пикир калтырыңыз.