Тил

Күнөөкөргө кат

Өзбек тилинен которулду · Түп нуска

Күнөөкөргө кат — сүрөт

Кел, кайгыдаш. Сен менен бир сырдашалы. Азизим, мен периште эмесмин. Периште болууга дооматым да жок. Кап-кара топурактан жаралган адамдын тукумумун. Үстүнө-үстүк, тегим ушунчалык сасык жана жагымсыз суудан. Башкаларды айыптоону жана күнөөкөрлөрдү жек көрүүнү зухд ээлерине калтыралы. Алар бул ишти мыкты аткарышат. Алар сени да, мени да шерменде-шерменде кылууну, кемчилик-күнөөлөрүбүздү дүйнөгө жайып, жемелөөнүн жуундусун үстүбүзгө төгүп, мүмкүн болсо, тобурду чогултуп, адегенде ур-токмок, сүр-токмок кылып, анан таш бараңга алууну абдан каалашат. Маңдайда ушул болсо, көрөбүз. Эми биз зухд ээлери жана такыба ээлери болгон ал ардактуу заттар сыяктуу тектүү жана карамат ээси эмеспиз, алардай энеден жаңы эле төрөлгөн наристедей таптаза эмеспиз, тескерисинче, үстү-башыбыз таштанды, баткак, зулумдун нажасына малынган бечаралардыз. Такыба ээлерине минбарларды берели, алар «Аллах айтты» жана «Расулуллах айтты» деп ырахаттанышсын. Зухд ээлерине зыяпаттардын төрүн жана даврлардын тагын тапшыралы, ваз-насаат айтып, мас-мустағрак болушсун! Ал карамат ээлерине тобурдун чуулдашып чуркашын, этектери менен ийиндерин тегеренип тооп кылышын калтыралы, ушундан чексиз бир жеңилдик менен асмандарда учушсун. Бизге бут асты жана босоголор болсун, бут кийимдерге аралашып жаталы. Бизге харабат жана урандылар тийсин, жөргөмүштүн торлоруна оронуп уктайлы. Көзүбүзгө кишилердин бигиз манжалары сайылсын, кордоо-шылдыңдары, жүздөрүн жек көрүү менен чырт буруп, сен да адамсыңбы деп өтүшү болсун, биз болсо бечара болгон бойдон унчукпайлы. Чындыгында, бул дүйнөнүн жасалма майрамдары жана жасалма жасалгаларынын кайсынысы кандайдыр бир чындыктан кабар берет? Кимдин соопу менен тообосун Кудайга жаккан деп айта аласың, кайсы күнөө менен козголоңду четке кагылган дей аласың? Кудай саждага коюлган кайсы маңдайларды тозокко өкүм кыларын, кайсы бузукулук кылгандар менен күнөөкөрлөрдү бейиш менен сыйларын так билесиңби? Сымбатынан айбат жана салабат жааган адамдын ибадаттарын четке кагып, бар болмогунан күнөө жалындап, ар бир күнү козголоңдун караңгылыгында өткөн бечаралардын күнөөлөрү Кудайдын ырайымы менен сыйланса, кимдин чамасы жетет, бул ката деп айтууга! Жаратылгандардын көзүндөгү кайсы бир мансап Хактын ырайымына кепилдик кат болбос экен, жаратылгандардын тилиндеги кайсы кемсинтүүнү тозоктун жолдомосу деп айта аласың?! Эй, күнөөкөр! Бир топ адамдар сапарга чыгышты. Жолдору кереметтүү гүлзар жана бактардан өттү да, кокусунан кап-кара жана сасык бир сазга туш келишти. Баары ушул сазга кулашты. Саздан бир амалдап чыгып, бир аз басышаар эле, кайра баткакка батышчу. Саздын ары жагынан сулуу кийинген башка адамдар алардын үстүнөн күлүшчү, жардам бергиси келбей, жардам берсек, баткагы тиет деп жийиркенишчү. Бул абалдан баткакка баткандардын жүрөктөрү урандыга айланчу.

Ошондо алардын ичинен бирөөсү жакшылык да, жамандык да Кудайдан, оо, Кудайым, бизди бул саздан куткар деп катуу жалынды. Ошондо Кудай анын жүрөгүнө үмүт жана кубат салды. Ал баткандардын баарына айтты: баарыңар бири-бириңердин колуңарды бекем кармагыла! Ушундайча саздын ичинде бир чынжыр пайда болду. Бири-бирин бекем кармаган бечаралар баткактан кутулууга аракет кылышчу, кайра жыгылышчу. Бул азапка чыдай албай ыйлашчу, бирок баары бир кайра досунун колун кармашчу. Алардын ыйлашы, жүздөрүнө чейин ылайга батканы, ооздору баткакка толуп жатканы бир аз жогоруда баратышкан тазалардын жек көрүүсүн козгочу. Өзүңөр күнөөлүүсүңөр, силер ушул баткак жегенге татыктуусуңар деп аларды карап түкүрүшчү да, өз жолдорун ыр ырдап, обон салып уланта беришчү. Саздын ичиндегилерге да чексиз азаптардан кийин бакыт күлүп карады: алар жээкке жетишти. Бирден-бирден баткактан чыгышты. Бирок баары абдан сасык эле. Бет-жүздөрүнө таптакыр карап болбойт эле. Ошондо асманды булут каптады. Саздын четинен өтүп ушул жерге келгендерди кайгы басты: азыр сел жааса, жолдор ылай болуп, биз ылайда калабыз го! Ооба, сел жаады. Сел баткакка малынган бардык адамды жуду. Алардын денесинде бир кылча кир калган жок. Алар жылаңайлак абалда манзилге ырахат жана шыктануу менен чуркашты. Саздын четинен келгендер болсо жамгыр себептүү пайда болгон көлчүк жана ылайлардан жийиркенип, кийимдери алар каалабаган түрдө кирдеп кете берди. Эй, күнөөкөр!

Аңгеменин маңызын түшүндүңбү? Кой, гүлстанда кайф кылгандарды өз абалына! Көздөрүн арамдан тыйган ал зухд ээлерине көз салба, сен өзүңдөй күнөөкөргө кара. Мен да сенин бир түрүңмүн. Ал карамат ээлеринен кандайдыр бир жардам күтпө, сен өзүңдөй харабат ээлерине жакын бол. Ишен, албетте, бул баткактан чыгабыз, ишен, жаай турган жамгыр бизди таптаза кылып коёт. Өзү таптаза болуу эч нерсени чечпейт, Кудайдын ырайымынан үмүт үзбө, Кудайдын каарынан бейкам болбо. Кудай мени күнөөлөрдөн тазалабайт деп үмүтсүз болушуң – Кудайдын ырайымын өз иштериңден кичине көрүшүң. Кудай күнөөлөрүм үчүн жазалабайт деп бейкам болушуң – өз кылмыштарыңды Кудайдын каарынан чоң деп билишиң. Экөөнөн тең Алла сактасын! Мен сени күнөөдөн куткарбайм, бир гана эртеби, кечпи, бул саздан чыгарыңа ишен! Сага жардам бере турган бир кол сунулат, абдан жакында! Бир гана тартынба, ошол үмүттү көздөй, ошол үмүткө жетелеген жолдорду көздөй жүр.

Акром МАЛИК

3 410жолу көрүлдү

Комментарийлер

    Башка макалалар

    ЧЫНДЫКТАН ЧЕТТЕБЕ

    Жашоодо эң туура жолду тандоого умтулуу адамга мүнөздүү. Кылып жаткан иштеринин кайсы бир жагы ката жана кемчиликтүү экенин сезип жашоо оор. Чындыгында, өз амалдарын текшерүү,…

    2 мүн.

    ОН БЕШИНЧИ БАП

    ҮЙ-БҮЛӨДӨГҮ ИБАДАТ Ибадат – адамдын рухунун кубат булагы. Ибадатсыз адамдын руху алсыз. Ибадат – пенденин Ээсинин алдында баш ийиши, өзүн коркунучсуз жана бейпил сезген учуру. Ар…

    5 мүн.

    ОН ТӨРТҮНЧҮ БАП

    КОНОККО БАРУУ ЖАНА МЕЙМАНДОСТУК, ОШОНДОЙ ЭЛЕ КОШУНАЧЫЛЫК Бара-бара элибиздин аң-сезиминен конок жана үй ээси түшүнүгү чыгып баратат. Айрым өзүмчүлдөр адамдарды конок кылба деп…

    6 мүн.

    Сайтка кирүү

    Реакция калтыруу, комментарий жазуу жана жөндөөлөрдү сактоо үчүн кириңиз.

    Улантуу менен сиз колдонуучу келишимине жана купуялык саясатына макулдук бересиз.