ОН АЛТЫНЧЫ БАП
Өзбек тилинен которулду · Түп нуска
ОН АЛТЫНЧЫ БАП АЖЫРАШУУ
Бул бапта калем жүргүзүү оңой болгон жок. Анткени маселе абдан назик. Рисаланы жазуудан максатыбыз – ажырашуулардын алдын алуу жана үй-бүлөнүн бекемдигине жетишүү. Ошондуктан ажырашуу темасында сөз баштоо абдан жоопкерчиликтүү болду. Жашоо ушунчалык мээримсиз, биз үй-бүлөлөр канчалык ынтымактуу жана ынак болсун десек да, ажырашуулар болуп жатат. Демек, ажырашуунун себептери жана кесепеттери жөнүндө белгилүү бир билимге ээ болушубуз керек. Ажырашууга шарт түзбөш үчүн. Адегенде кандай себептер пайда болсо, ажырашуу жөнүндө ойлонууга болорун талдап көрөлү. Эгер аял күйөөсүнө улам душмандык маанайда жүрсө, анын мал-мүлкүнө зыян-залал келтире берсе, сабыр кылууга мүмкүнчүлүк калбаса, белгилүү чаралар көрүлөт. Көптү көргөндөр, элдин башында жүргөндөр азыр эч бир үй-бүлө тамак жоктугунан, жакырчылыктан ажырашпай жатат, тескерисинче, токчулукка чыдай албай ажырашып жатышат дешүүдө. Албетте, ажырашуу практикасына толугу менен тыюу салууга болбойт, ошондой эле ажырашуунун үгүтү, башкача айтканда, көйгөйдүн чечими эрди-аялдын ортосундагы нике түйүнүн чечип жиберүүдө деген пропаганда да акыл жана логикага, эң негизгиси, максатка каршы. Мындан тышкары, эрди-аялдын ортосунда көйгөй пайда болсо, ал кандай формада болбосун, ага физикалык-каржылык чаралар менен чекит коюу да туура көрүнбөйт. Эзилген аялдардын укуктарын коргойбуз деп сокур-сокур мыйзам жана эрежелерди иштеп чыгып, аны шашылыш түрдө коомго киргизүү көздөлгөн натыйжаны бербейт. Чындыгында, кандай натыйжаны көздөп жатканыбызды да билип алышыбыз зарыл.
«Күйөөңө кул болбо, өзүң болуп кал, сен күң эмессиң, кыялдарыңа жет, сен бала төрөй турган инкубатор эмессиң, кайненеге кызмат кылуу милдети жок» жана ушул сыяктуу сөздөр канчалык бир жактуу жана туура эмес болсо, «Кап десең эле аял колуңа консун, аялдын бир да айтканын кылба, аялды ийип ал» дегенге окшош куру сөздөр да таптакыр туура сөз эмес. Максат – эрди-аял бейпилдик ичинде, тынчтыктын кучагында жашап, балдарды дүйнөгө алып келип, адамзаттын жашоосу түбөлүк калышы үчүн салым кошуу; дүйнөдө адамгерчиликти сактап калып, ырайым жана боорукердикти кеңири жайылтуу. Эгер эрди-аял тынч жашабаса, ажырашат; ар бир ажырашуу эки тарапта тең терең жара калтырат; перзенттер болсо, алардын руханий кемтиги бир тарап, бирок ахлактык жетишсиздик ичинде өсөт, жетиштүү ахлак албаган бала келечекте жараксыз амалдарды кылуучу болот. Кудай көрсөтпөсүн, никесиз туулган балдар болсо, алардын көп жагынан кемчиликтүү болуу ыктымалдыгы чоң. Бул да жакшы жана жөндүү тарбиянын жоктугу менен байланыштуу. Ата-энесиз чоңойгон, ата менен эненин тарбиясын толук көрбөгөн балдардын сезимдик жактан туруксуз, руханий жактан майып, жоопкерчиликсиз болуп калышы көп байкалат, өзгөчө, алардын арасынан кылмышкерлер да көп чыгат. Коомдо жараксыз жүрүм-турумдуу жана сезимдик жактан бузулган адамдардын саны канчалык көбөйсө, жалпы жашоо образы ошончолук бузулат – адал жана арам, инсап жана диянат калбайт; адамдардын арасында жырткычтык, көз боемочулук, эки жүздүүлүк, сатыкчылык жана бардык бузук илдеттер дүркүрөп өрчүйт. Натыйжада, адамзаттын жашоосу коркунуч астында калат – маанавий жана физикалык жактан бузулган муундар кырыла баштайт, бул өзүнөн-өзү болбойт, адегенде коом картайып кетет – карылардын саны көбөйөт, жаш жумушчу күчү болбойт, көбөйүү азаят, оорулардын натыйжасында, ошондой эле сезимдик жана акыл жагынан өнүкпөгөн, жүрүм-турум жана маданий тарбия албаган адамдар ар түрдүү кылмыштар, жол кырсыктары менен өлүмдү көбөйтүшөт. Башкача айтканда, карылык, оору, көңүл чөгүү жана өлүм көп, жаштык, саламаттык, көтөрүңкүлүк жана жашоо аз. Бул абал акырындык менен адамзаттын физикалык жактан кырылып кетишине жол ачат. Ошентип, үй-бүлөнү сактап калуу бардык жагынан өтө маанилүү. Үй-бүлөдө эрди-аял урушуп калса, дароо бирге жашабайм, ажырашам деп ойлой башташы, ошол үчүн аракет кылышы акылдын кыскалыгынан, буга аларды шыктандыруу болсо нак чыккынчылык саналат. Тескерисинче, эрди-аял бардык көйгөйдү сыртка жытын чыгарбай өздөрү чечишсин, бул жерде алар бири-бирине сабыр кылышы, өзгөчө, эр аялдын сезимге берилип, ар нерселерди айтышына чыдамкай болууга мажбур. Анткени аялдагы сезимдин басымдуулугу акыл менен ой жүгүртүүнү жана логикалык жыйынтыкты алсыратып жиберет. Кээде кыздар адашып, баңгиге турмушка чыгып калат; кээде эркек наадандыкка кул болуп, таптакыр оңолбогон абалда аялына тынымсыз зулумдук кылышы мүмкүн; кээде аял бетпак жана уятсыздык менен күйөөнүн канын ичиши, күйөөгө ишенбеши, күйөөнүн мал-мүлкүнө аң-сезимдүү түрдө зыян келтириши, күйөөнүн беделин улам төгүшү, күйөөнү урматсыз кылып, кордошу, эч бир насаатты – жакшы сөздү да, жаман сөздү да кабыл албашы мүмкүн. Ооба, ушундай аялдар бар: күйөөсүнүн мүлкүн сактабайт, күйөөсүнүн тапканын чачып, аны ар тараптан кыйнаган аялдар көп. Алар күйөөнүн ал-абалына кызыкпайт, алар өзүмчүл жана кара ниет. Мына ушундай абалда ажырашуу акыркы чара болушу мүмкүн. Мында да киши өз алдынча чечим чыгарбасын. Эч кандай дүрбөлөң (паника)сыз, кимдирди жерге урбастан, баскычтуу иштерди жасашы зарыл: 1. Аял киши абалдан улууларды кабардар кылат. Улуулар – ата-эне, таякелер-агалар – күйөөнү насаат менен эскертишет. Бул насааттар бир нече ирет уланат. Аял эч бир зулумга жооп бербейт, зулум токтобосо гана, ата-энеси же ага-инилеринин жетекчилиги менен ажырашуу аракетин баштайт, мында имам-хатибдердин жардамына таянуу туура. Баары бирдей макулдашып ажырашуу чечими кабыл алынса, абийирге каршы иштер, наадандык аракеттер кылынбайт – бейпилдик менен ошол иш аткарылат. 2. Эгер аял сөзгө кирбесе, узак убакыт насааттар айтылат; анан аны менен төшөк бөлүнөт; анан бөлмө бөлүнөт; дагы узак мөөнөттөр берилет; аялга адепсиздиктин кесепети жакшы болбосу токтоолук менен кайра-кайра түшүндүрүлөт; аял таптакыр оңолбосо, зыянкечтигин жана шалаакылыгын таштабаса; тилин беш карыш кылып чага берсе, истихаралар кылынып, жумшактык менен акыркы чечим берилет. Эгер перзенттер болсо, аларга абал айтылат: «Биз эми апаң менен бирге жашай албайбыз окшойт...» – деп айтылат. Балдар да акылдуу, алар ушул убакка чейин баарын байкап келе жаткандыктан, баарын жакшы түшүнүшөт. Эң негизги эреже – эркек болобу, аял болобу, ажырашса, зулумсуз жана наадандыксыз, бейпил жана тынч абалда бул ишти кылышы шарт. Шариат аалымдарынан суралса, алар талактын бидаат жана сүннөт түрлөрүн түшүндүрүп беришет. Ошого ылайык, сүннөткө тиешелүү ражьий талак менен ажырашуу сунушталат. Бидаат жана баин талактан сактанган жакшы. Бул бейпил жана жумшак ыкма күйөөнү да, аялды да тарбиялап коюшу мүмкүн. Аял шалаакы жана тарбиясыз болсо да, мынчалык жумшактык аны инсапка келтириши, тообо кылышы да ыктымалдан алыс эмес, натыйжада, кайра нике окулушу жана үй-бүлө калыбына келиши эч таң калыштуу эмес. Эгерде андай болбосо, эки тарап тең балдардын акысын сакташы, алардын ата-энеден пайдаланышына, керектүү тарбия алышына шарт түзүшү керек, баламды көрсөтпөйм деген сөздөр ашынган наадандык болот. Эки тарапка бөлүнгөндөр кийин өз чечимин өздөрү беришет, өздөрү жаккан бул отто узак убакыт күйүшөт. Ошондуктан айтабыз, атүгүл куштун уясы бузулбасын! Кудайым бардык үй-бүлөлөрдү бекем кылсын жана эч бир үй-бүлөдө ажырашуу деген сөз эч качан угулбасын! Үй-бүлөнү кээде сырттагы наадандар да бузууга умтулушат, алардан сак болуу, ажырашкын деген ар кандай адамдан алыс кетүү шарт. Андай адам же адам кейпиндеги шайтан, же шайтанга кул болгон шордуу. Аларга Кудайдын наалаты жаайт. Сабырдын эң сулуусу – эрди-аялдын бири-бирине сабыр кылышы жана бири-биринин майда каталарын кечирип жибериши, анча-мынча кемчиликтерге көз жумушу.
Акром МАЛИК




Комментарийлер
Азырынча комментарий жок. Биринчи болуп пикир калтырыңыз.