Тил

Дүйнөнүн оор жүгү — кайгы. Ал жүрөктү чарчатат, рухту алсыратат, атүгүл чарчаган рух өзүн таштап жиберет, тик…

Өзбек тилинен которулду · Түп нуска

Дүйнөнүн оор жүгү — кайгы. Ал жүрөктү чарчатат, рухту алсыратат, атүгүл чарчаган рух өзүн таштап жиберет, тик… — сүрөт

Дүйнөнүн оор жүгү — кайгы. Ал жүрөктү чарчатат, рухту алсыратат, атүгүл чарчаган рух өзүн таштап жиберет, тик тургусу келбейт, ошондуктан кайгылуу адамдар алсырап, жатып калышат. Эң жакшы дос — сен үчүн кайгы жута алган дос. Чындыгында, сенин кайгыңды бөлүшүп көтөргөн адам дос деп аталат.

Адам үчүн кайгынын себептери көп. Эң оор себептердин бири — перзенттин көз жашы жана бактысыздыгы. Ата-эне бул кайгынын алдында алсыз калат. Ата-энеге кызмат — кечинде алардын төшөгүн салып, эртең менен даарат үчүн жылуу суу даярдоо же даамдуу тамактар менен сыйлоо гана эмес, ата-энеге башыңа түшкөн кайгыларды билдирбешиң — сенин эң зор жакшылыгың. Эси жок жана кыска ойлуу адамдар өз көйгөйлөрүн ата-энесинин алдына тартышат.

Андан да артыгы — бактылуу жана шаттыкта жашашың. Көйгөйгө алып бара турган иштерди кылбашың. Анткени адам өз каталары себептүү кайгыга учурайт. Күнөөлөрү жана нафсына эрк бергени үчүн анын далысына азаптын таштары коюлат. Эгер адам күнөөлөрдөн тыйылса, нафсын тизгиндеп, Хакка баш ийдирип жашаса, бактысыз болбойт, антпесе бактысыз болот, анан ата-эне азап тартат. Атүгүл ата-эне дүйнөдөн өткөн болсо да, руху чыркырайт.

Ушул убакка чейин ата-энебизге жеткирген азаптарыбыз үчүн алардан кечирим сурайлы. Эми бактылуу жашап, ал кайгыларды унуттуралы. Алардын руху чарчап калбасын.

Ата-энесин өз кайгылары менен ыйлаткандарга Алла бар.

Акром МАЛИК

2 510жолу көрүлдү

Комментарийлер

    Башка макалалар

    Жомок

    (Аңгеме) Бир адам кырк жашка чыгыптыр. Денеси күчкө толуп, акылы толуп жетилиптир. Колунан келбеген иш жок экен: тоону урса талкан кылат имиш. Анткени ал тектүү үй-бүлөдө туулуп…

    2 мүн.

    Чындыктын баасы

    Бул дүйнө жалганга толуп-ташканын билесиңби? Анткени жалган таттуу. Чындык – ачуу. Жалган – нафстын талабы, чындык – Хактын талабы. Пенде дүйнөгө Хакты сүйүү үчүн келди. Хакка…

    1 мүн.

    Сайтка кирүү

    Реакция калтыруу, комментарий жазуу жана жөндөөлөрдү сактоо үчүн кириңиз.

    Улантуу менен сиз колдонуучу келишимине жана купуялык саясатына макулдук бересиз.