ЖЫЙЫРМАНЧЫ БАП
Өзбек тилинен которулду · Түп нуска
ЖЫЙЫРМАНЧЫ БАП
ҮЙ-БҮЛӨДӨГҮ МАЙРАМДАР
Майрам – жашоонун ажырагыс бөлүгү. Кудайдын Өзү адамдар кубанычта болушу үчүн белгилүү күндөрдү бөлүп берген. Бул күндөрдө дене таптакыр азап чекпеши үчүн орозо кармоого да бул күнү тыюу салынган. Башкача айтканда, биз айт майрамдары жөнүндө айтып жатабыз. Майрамдарды жакшы белгилөө керек.
Майрамдын маңызы – кубануу, кубаныч таратуу. Кубанычтын эң чоңу – бул көрүшүү. Майрамда үй-бүлө мүчөлөрү дүйнөнүн кайсы жеринде болбосун, кандай маанилүү иштери болбосун, ата-эненин алдында болушу максатка ылайык.
Майрамда баары бири-бирине кандайдыр бир деңгээлде белек даярдашы – кооз амал.
Албетте, белектердин эң жакшысын ата-энеге, андан кийин балдарга берүү керек. Ошондой эле устаттарды да майрамда сөзсүз эскерүү шарт. Бул күнү таарынычтар унутулат, маанай түшүрүлбөйт, баары бири-бирине күлүп карайт, кооз кылып дасторкон жайылат.
Бул күнү кубанууну, шаң-шатман жүрүүнү, жазаларды жокко чыгарууну ар ким өзүнө милдет кылып алышы керек. Майрам күнү эч ким бири-бирин капа кылуу жана бири-бирине жаман сөз айтуу тургай, ачуулу көз менен кароого да тыюу салынат. Муну чоң күнөө деп билүү керек.
Ошондо бардык тарапты майрамдык маанай каптайт. Жүрөктөрдөн жашоонун түйшүктөрү кетет. Мээрим жана сүйүү, жакшылык жана ыйгылык адамдарды бириктирет.
Майрам көрбөгөн адам өмүр бою бактысыз жашайт. Балдар майрам көрүшү шарт, атүгүл согуш болуп турган мезгилдерде да адамдар майрам кыла алышы керек.
Айрым учурларда өлүм майрам күнүнө туура келсе, аза жана кайгыдан кийин калып кеткен майрамды бир аз убакыт өткөрүп белгилеп алган жакшы.
Майрам күнү энелер балдарын урушпайт, аталар жазалашпайт, баары бир гана жакшы сөз менен бири-бирин алкашат. Дубалар кылынат. Жылмаюулар таратылат.
Майрамда баары майрамча болсун – баары жаңы кийимдерин кийип жасанышсын. Майрам күнү эч бир иш менен кайдадыр барууга, мисалы, дүкөнгө же базарга чыгууга аргасыз болбоо үчүн буюмдар алдын ала алынып коюлат.
Ошондо баары бири-биринин жүзүн көрүп ырахаттанып, көңүлдөр мээрим жана сүйүүгө канат.
Албетте, майрамды шылтоолоп ичимдик ичүүгө болбойт, анткени анын кесепети ар дайым жамандык алып келет. Ысырапка жол берилбейт, тамак-аштар обалга калтырылбайт, чектен ашылбайт, күнөө жана айып саналган иштерден баары алыс турат.
Майрам – жашоо үчүн күрөшүүнү, жашоо үчүн иштөөнү жеңилдетип бере турган бир каражат. Жүрөктөрдү бири-бирине улай турган жана таарынычтарды кууй турган бир себеп.
Акром МАЛИК




Комментарийлер
Азырынча комментарий жок. Биринчи болуп пикир калтырыңыз.