Достук илими
Өзбек тилинен которулду · Түп нуска
Достук адамгерчиликтен. Көзүңө жаккан ар бир адам эле дос болуп чыкпайт. Достук эмне экенин билбеген бактысыздар менен бул дүйнө толуп-ташып турат. Ооба, достук эмне экенин билбөө – бактысыздык.
Досмун деген адам жөнүндө муну бил: жардам сурап барганыңда мүмкүнчүлүгүм жок дедиби, ал дос эмес. Ал – калпычы жана эки жүздүү. Муну өзүң үчүн билип кой жана ошол достун атын кайра оозуңа алба, ысмын дилиңе киргизбе.
Чындыгында, эң назик дос – досунун абалын ал айтпай туруп эле билген адам.
Саткындар жана эки жүздүүлөр менен дүйнө деңизинен акырет жээгине жете албайсың. Ал – кемеңдеги келемиш. Бирок этият бол: өзүң да келемиш болуп калба.
Эгер досуң сенден жардам сураганга уялса жана сен турганда башкадан жардам сураса, өзүңдөн нааразы бол. Кандай гана жараксыз жана алсыз экениңди билип ал.
Акром МАЛИК




Комментарийлер
Азырынча комментарий жок. Биринчи болуп пикир калтырыңыз.