Тил

Жыгылганыңда тур дей турган адамың барбы?

Өзбек тилинен которулду · Түп нуска

Жыгылганыңда тур дей турган адамың барбы? Кайгы сени ээлеп алганда баары жакшы болот дей турган адамың чы? Сени караңгылыктан чыгаруу үчүн чын жүрөктөн күрөшө турган бирөө барбы жашооңдун чөлүндө? Майрамдарда палоо жей турган; бирге кофе иче турган; иши түшкөндө гана издей турган; карыз сурай турган, жардамыңдан шыктануу менен пайдалана тургандар эмес, сен үчүн кайгы тарта турган, кайгылаш боло турган эч ким барбы?.. Чоң ыктымалдык менен ЖОК деген жооп бересиң. Тереңирээк ойлосоң, ырайымсыз жооп ушул. Бар деп ойлоп жатасыңбы? Бар болгондордун из калтырбай кетишине жашоонун өзү сени күбө кылат. Ошондуктан, айланаңды толтурган шишелеш досторуңа ишенбе, башкача айтканда, аларга таянам деп ойлобо. Алардын сага таянышына уруксат бере аласың, бирок аларга таянба. Таянба, жыгылып каласың. Кармап кала турган адамың жок бул дүйнөдө. Эгер болсо… демек, сен да, ал да адамзаттын ичинде өтө сейрек, өтө эле сейрек тектенсиңер. Силер баа жеткис адамдарсыңар. Калгандардын баары эриген кендин көбүгү болсо, силер – кендин өзүсүңөр. Бирок мындай болушу үчүн берилгендик, жылдар жана сыноолор керек.

4 700жолу көрүлдү

Комментарийлер

    Башка макалалар

    Улуулардын мындай осуяты бар: «Кемел мүнөздөрдү он бөлүккө бөлсөк, тогуз бөлүгү тагафулдан турат».

    Тагафул – билип туруп, билмексенге салуу. Башкача айтканда, айланадагы адамдардын каталарын, наадандарча жүрүм-турумун көрүп туруп көрмөксөнгө, билип туруп билмексенге саласыз.…

    2 мүн.

    Эй, жүрөгү гүлдөй назик Аял!

    Эй, акылы сезимдердин бороонунда тегеренип калуучу Алсыз жан! Эй, чечимдери дайыма өзгөрүп, экиленүүлөрдүн ичинде калуучу Назик жан! Сени бийиктетүүчү, улуу макам берүүчү Милдетиң…

    2 мүн.

    Эң туурасын табуу – машакат. Ишене бер, ушундай.

    Жүрөгү ойгоо жана идиреги терең адам эч качан жалганга көнбөйт. Ал дайыма чындыкты каалайт. Адашып, тентип жүрсө да, чындыкка кайтат. Жашоодо белгилүү мыйзамдар бар. Аларды ачуу…

    1 мүн.

    Сайтка кирүү

    Реакция калтыруу, комментарий жазуу жана жөндөөлөрдү сактоо үчүн кириңиз.

    Улантуу менен сиз колдонуучу келишимине жана купуялык саясатына макулдук бересиз.