Улуулардын мындай осуяты бар: «Кемел мүнөздөрдү он бөлүккө бөлсөк, тогуз бөлүгү тагафулдан турат».
Өзбек тилинен которулду · Түп нуска
Улуулардын мындай осуяты бар: «Кемел мүнөздөрдү он бөлүккө бөлсөк, тогуз бөлүгү тагафулдан турат». Тагафул – билип туруп, билмексенге салуу. Башкача айтканда, айланадагы адамдардын каталарын, наадандарча жүрүм-турумун көрүп туруп көрмөксөнгө, билип туруп билмексенге саласыз. Алардан көз жумасыз. Мунун бир канча себептери бар. Айрымдарын келтиребиз: 1. Адамга катасын айтсаңыз, ал аны дайыма эле оңдой бербейт, тескерисинче, ортодо ыңгайсыз абал пайда болот. 2. Ката наадандыктан же алсыздыктан кетип жаткан болушу мүмкүн. Наадандык, башкача айтканда, билбестик себептүү кетирилген ката илим менен жоюлат. Алсыздык – бул өзүн башкара албоо, ачууга же сезимге жеңилүү. Адамдардын баары эле ачуу менен сезимди жеңүүгө жөндөмдүү эмес. Демек, бул жерде дарылоо – ачуу менен сезимди жеңүүгө жете турган ички бир күчтү пайда кылуу. Мындай күчү жок адамды ушул учурда жемелөө туура болбойт. 3. Адам насаатты кабыл алышы үчүн эки шарт түзүлүшү керек: 1) насаатка муктаж адамдын жүрөгү жибип, напсиси сынык абалда болушу керек, ошондо анын кулагына сөз кирет, ойлонот; 2) насаат кылуучу күчтүү таасир ээси болушу шарт, ал насаат кылуунун эң туура жана ыңгайлуу ыкмаларын колдонууда чебер болсун. Ошондо насаат мөмө берет, болбосо сөздөр текке кетет. 4. Айрым адамдар таптакыр наадан жана бузуку болуп, ыйык нерселерди тоотпойт, ошондуктан аларга эч качан маанилүү сөз айтылбайт; малга жана эшекке «чүш» жана «ишшш» же «иххх» деген сөздөр жетишкендей, ага ал түшүнгөн тилде сүйлөнөт. Мүмкүнчүлүк болоор замат мындай бузукулардан качып, алыстоо керек. 5. Насаат узун сөздөр менен эмес, мээрим жана сүйүү, иш жана үлгү менен көбүрөөк үзүрүн берет. Кимдир бирөөнү оңдоону каалаган адам ошол адамга мээрим көрсөтүп, аны кечирип, катасын өзү түшүнүшү үчүн убакыт бериши керек. Я Ак, балким, натыйжа болуп калар. Ар бир жакшы нерсе сабырдын артынан келет. Наадандарга карата сабыр сизди да, аларды да көп убарачылыктан куткарат: сиз сөздү ысырап кылбайсыз; ал сизге каршы чыкпайт. Баса, дилиңизди оорудан, маанайыңызды түшүп кетүүдөн сактайын десеңиз, аракет кылыңыз: сизди капа кыла турган жерден, адамдардан чын жүрөктөн алыс кетиңиз; сизди таарынта турган сөздөр айтылбашы үчүн умтулуңуз; эң негизгиси, жаман ойлорду кууп жибериңиз. Өзүңүз үчүн тынч жана бейпил чөйрө түзүңүз. Балким, ошондо адеп-ахлагыбыз корголсо; ден соолугубуз аман калса; көңүлдөр кан, өзүбүз муңайым болбосок; антпесе, күчүбүз кетет, баа жеткис мүнөттөрүбүздү жана демибизди пайдасыз чыр-чатакка, көңүл чөгүүгө жана кайгыга коротуп жиберебиз. Ушак, бөтөндөрдүн жашоосу, иши, күнөөсү, сообу, жетишкендиктери жана жеңилүүлөрү маегибизди булгабаса, нур үстүнө нур болмок. Өз жашообуз ушунчалык иреттүү болуп калдыбы, башкаларды талкуулай турганчалык?! Мүмкүн болушунча, кубанычта жашайлы, кымбаттуулар.
Комментарийлер
Азырынча комментарий жок. Биринчи болуп пикир калтырыңыз.