Тил

Ыйман ээсине илхам Кудайдан келет. Жашоо жөнүндө, адамдар жөнүндө, сулуулук жана жалпы эле бардык нерсе…

Өзбек тилинен которулду · Түп нуска

Ыйман ээсине илхам Кудайдан келет. Жашоо жөнүндө, адамдар жөнүндө, сулуулук жана жалпы эле бардык нерсе жөнүндө жүрөктө пайда болгон ойлор Кудайдан нурдай жүрөккө тартууланат. Мындай жарык ой жана жыйынтыктардын идирек менен аң-сезимде пайда болушу Рахмандын ырайымы экенин билүү үчүн төмөнкү белгилерге кароо керек: 1. Пайда болгон ойлор шариятка каршы, күнөө иштердин натыйжасында келбеши керек. 2. Арак, кокнор же ушул сыяктуу акылды алуучу нерселерди колдонгондон кийин куюлуп келген ойлор канчалык кооз сөз менен жаңырбасын, келген түтүгү ыплас болгондуктан, кабыл алуучуларда эч кандай жакшы таасир ойготпойт, жакшылыкка карай кадам таштатпайт. 3. Ой жана хикмат ички дүйнөнүн, кыялдын мөмөсү болгондуктан, бул ишке камынуудан мурда хамд, тасбих, истигфар, салават айтуу – ичти бир жолу жууп алуу дегени. Эч кандай ой жана илхамдын келбешине күнөөлөрдүн көбөйүп кеткени да себеп. Адамдын кири – напсинин айбандык каалоолорунан. Айбандык каалоолор шыйпанууну жана ачууну күчөтөт. Шыйпануу менен ачуу жүрөккө парда болуп жайылат. Жүрөккө түшчү хикмат нуру ушул пардага урунуп, жүрөккө жетпейт. Жүрөккө жетпегенден кийин тилге чыкпайт. Жүрөк бузулат да. Жүрөктүн бузулушу эттин бузулушу сыяктуу. Эт кандай айнып, курттап, чирисе, жүрөк да ошондой абалга түшөт. Жүрөк айнигенде ал жалган жана арам нерселерди, шайтанга жана каапыр жиндерге жаккан иштерди сүйөт. Ошол себептүү айрым акын жана жазуучулар абдан кир жана жийиркеничтүү нерселерди мээрим жана сүйүү менен эринбей жазышат. Айнып кеткен этти оңдоо мүмкүн эмес болгондой, жүрөктү оңдоо да мүмкүн эмес. Жүрөктүн ичинде акыл, фуад, идирек, аң-сезим, сувайда сыяктуу нерселер бар. Айнигенден кийин булардын баары жок болот. Аларды тирилтүү машакат болуп калат. Демек, жүрөктү оңдой турган нерсе – узак убакыт аны напсинин алайишинен ажыратуу. Алайиш – бул баткак, булгануу дегенди билдирет. Напсинин алайиши ал азапка түшкөндө токтойт. Напсиңди өз ыктыярың менен, макул болуп азаптай албасаң, жүрөгүң оңолбойт. Оорулуунун кесиби дарыгер болсо да, башка дарыгердин дарылоосуна муктаж болгону сыяктуу, напсини адам өз алдынча оңдой албайт. Напсини моюн сундура албайт. Ага бир муршиддин тарбиясы керек. Муршид дегенибиз – мүридин таштабаган жана анын ички-тышкы абалынан кабар алып турган, мүриди ооруса, өзү түздөн-түз дарылай алган керемет жана сүйүү ээси. Ким мен устазга же муршидге муктаж эмесмин десе, ал – жалганчы. Муршид тандоонун шарттары бар. Көрүнгөн пирди муршид тутууга болбойт. Муршиддин тасарруфу жана ички күчү өтө кемел болушу керек. Муршид тандоонун шарттары – өзүнчө илим. Биз болсо жүрөк оорусу жөнүндө сүйлөп жатабыз. Напси моюн сунганда, ал иттей ырылдабай калганда, жүрөк анын балээсинен кутулат. Боор өзүн өстүрүп калыбына келтиргендей, жүрөк да өзүн калыбына келтире баштайт. Адегенде анын так ортосундагы лубб, анан аны курчап турган фуад, аны курчап турган идирек, аны курчап турган аң-сезим, аны курчап турган акыл, аны курчап турган сувайда жана акырында жүрөк саламаттыкка жетет. Ал тазарат. Жаркырайт. Ага Парвердигердин сыпаттары жана заты тажалли кылат. Эми бул таптакыр башка макам. Ал – өзүнчө хикая…

Төрттүк: Жансыз жаткан жүрөгүмдүн башында көз жаш төктүм, Жүрүү үчүн жолума канча сабыр-чыдам төктүм. Өкүнүчтүн дарыясы бүт денемди чөктүрдү, Я Раббим деп кыйкырдым, көз жашыма чөктүм.

3 040жолу көрүлдү

Комментарийлер

    Башка макалалар

    Жыгылганыңда тур дей турган адамың барбы?

    Кайгы сени ээлеп алганда баары жакшы болот дей турган адамың чы? Сени караңгылыктан чыгаруу үчүн чын жүрөктөн күрөшө турган бирөө барбы жашооңдун чөлүндө? Майрамдарда палоо жей…

    1 мүн.

    Улуулардын мындай осуяты бар: «Кемел мүнөздөрдү он бөлүккө бөлсөк, тогуз бөлүгү тагафулдан турат».

    Тагафул – билип туруп, билмексенге салуу. Башкача айтканда, айланадагы адамдардын каталарын, наадандарча жүрүм-турумун көрүп туруп көрмөксөнгө, билип туруп билмексенге саласыз.…

    2 мүн.

    Эй, жүрөгү гүлдөй назик Аял!

    Эй, акылы сезимдердин бороонунда тегеренип калуучу Алсыз жан! Эй, чечимдери дайыма өзгөрүп, экиленүүлөрдүн ичинде калуучу Назик жан! Сени бийиктетүүчү, улуу макам берүүчү Милдетиң…

    2 мүн.

    Сайтка кирүү

    Реакция калтыруу, комментарий жазуу жана жөндөөлөрдү сактоо үчүн кириңиз.

    Улантуу менен сиз колдонуучу келишимине жана купуялык саясатына макулдук бересиз.