Адамдын чоңоюшу баскычма-баскыч өтөт. Адегенде ал бир катасын түшүнөт, кыйналып оңдойт; андан кийин экинчи…
Өзбек тилинен которулду · Түп нуска
Адамдын чоңоюшу баскычма-баскыч өтөт. Адегенде ал бир катасын түшүнөт, кыйналып оңдойт; андан кийин экинчи кемчилигин ачып, аны жоюу үчүн умтулат. Адамдын бир айыптан кутулушу тез болбойт: оорутуп, күрөш менен, көз жаш менен өтөт. Кээде кайра-кайра аракет кылуу да күтүлгөн мөмөнү бербейт. Адегенде ымыркай, андан кийин бала, андан кийин наристе, андан кийин өспүрүм, андан кийин уланчак, андан кийин жигит, андан кийин киши, андан кийин кары, карыя деп аталышыбыз бекеринен эмес. Ар бир баскычтын өз өзгөчөлүктөрү бар: ымыркай ыйлайт, эч нерсени түшүнбөйт; тамактануудан, жуунуудан бейкабар ж.б. Бала шымын кие албайт, суроо берет, чуркайт, жыгылат; наристе бардык нерсеге оозун ачып карайт, суроо берет, кызыгат; өспүрүм көкүрөк керет, ачууланат, кыжырданат, алдоого аракет кылат, баарынан нааразы; уланчак өзүнө чектен ашык ишенет, эч кимди тоотпойт, баарынан ката табат, тынбай сүйлөөнү жакшы көрөт, өзүн көз-көз кылууга аракет кылат, өзүн жакшы адам жана кемел катары көрсөтүүгө умтулат; жигит өз күчүн сезет, токтоо болууга аракет кылат, жашоонун кыйынчылыктарын акырындап түшүнө баштайт, сөздөрүн ойлонуп айтууга аракет кылат, жоопкерчилик менен жашоону үйрөнөт; киши басылат, салмактуу тартат, ар түрдүү кыялдардан баш тартат, шашмалыктан, ачуулуулуктан жана тайыз акылдуулуктан алыстай баштайт; карыя, кары эми шашпайт, акыретти ойлойт, үй-бүлөсүнүн келечеги жөнүндө кам жейт, жаштарга өз тажрыйбасын жеткирип, аларды ар түрдүү балээлерден коргоого күчүн жумшайт ж.б. Адамдын чоңоюшу болжол менен мына ушундай тепкичтер боюнча ишке ашат. Көптөгөн жаштар өзүн кандайдыр бир натыйжанын ээси, акылдуу, бардык нерсени түшүнгөн, күнөөлөрүнө тообо кылган, жашоосун оңдоп алган инсан катары көрсөтүшөт, бирок баары жасалма боёнуу, башкача айтканда, декор. Бул абал алардын наристе аң-сезиминде экенинин далили, башкача айтканда, инфантилдик менталитет. Адамды насааттан көрө азап жана кыйноо өстүрөт. Насаат менен акылга кулак салбаган, өзүм билем дегендерди өз абалына таштоого аргасызбыз: аларды ушул абалында абдан чоң кыйноолор күтүп турат, азаптар аларга зарыгып турат. Арга жок, ушундай мүдүрүлүү, маңдайдын дубалга урулушу ага жазылган экен да, аш болсун дегенден башка айлабыз жок. Бирок айрым жаштар ички сезим жана жөндөм менен өзүнүн эч ким экенин табат. Мектеп ачабы, компаниянын ээси болобу, четтен мал алып келип сатабы, PhD коргойбу, мен эч киммин деп жашайт. Ал жол башчы таап, ага моюн ийет; анткени устаз ага насаат кылып турат, мына ушул насаат ага жолдун картасы катары кызмат кылат: эми ал балээ-апааттарды, кудук жана чуңкурларды көрүп, аларды айланып өтөт жана муратына, максатына жаракатсыз жетет.
Акром МАЛИК
Комментарийлер
Азырынча комментарий жок. Биринчи болуп пикир калтырыңыз.