Үй-бүлөнүн башчысы — эр деп анын милдеттерине көп басым жасалышы адилеттүү. Бирок эрди аяп-сактоо — аялдын…
Өзбек тилинен которулду · Түп нуска
Үй-бүлөнүн башчысы — эр деп анын милдеттерине көп басым жасалышы адилеттүү. Бирок эрди аяп-сактоо — аялдын негизги милдети. Эр үй-бүлөнү камсыз кылышы үчүн жай жана тынч маанайда болушу шарт. Тамагы даяр, кийимдери жуулган, таза, үтүктөлгөн, бут кийимдери жалтыраган. Аял дагы андан таттуу сөздөрүн жана жылмаюусун аябасын. Мына эми эр ар кандай салгылашууга даяр: ал көтөрүңкү маанай менен иштейт, иштери натыйжалуу болот, кыжырданбайт, иши бүткөндө үйүнө карай шашат. Анткени үйдө бейпилдик бар. Бирок тескерисинче болсочу? Аялдын кабагы салыңкы, тамак кечиккен, кийимдер жуулбаган, үтүктөлбөгөн; эрдин бир аз ачуусу келсе, аял андан калышпай кармашат; ачуу-ачуу сөздөр менен дилин капа кылат; майда көйгөйлөр менен туурасынан чыга берет; дагы эрдин көңүлүн буруу үчүн жасалма татаалдыктарды ойлоп табат. Ушуну менен эрди кармап турам деп ойлойт, эрди кармоо үчүн эле жаралгандай. Мындай учурда үй-бүлөдө тынчсыздык пайда болот. Барган сайын эрдин жүрөгү үшүйт. Аялына сүйлөөдөн чочулайт. Анткени аял эрдин көңүлүн көтөрүү, аны кубантуунун ордуна тынымсыз зулуму жана уулуу тили менен желмогузга айланган. Андан баш тартайын десе, балдары бар; анын үстүнө, эркектик намысы аялдан баш тартууга жол бербейт. Аял болсо каалаганынча эрдин нервин эгеп, өмүрүн кыскартат; бир жолу да күйөөмө зулум кылып жатпаймынбы деп ойлобойт, өзү билип-билбей эрди кордоп, барксыз кылат. Чыныгы эркектер аялдар менен күрөшпөйт. Анткени аялдарды жеңүү мүмкүнчүлүгү жок. Анткени алсыздар менен теңтайлашуу эрлерге туура келбейт, муну түшүнбөгөн аялдар болсо күчөп, эрдин атын булгоодон жана кутуруудан токтошпойт. Күйөөсүнө ачууланган, ага атүгүл көзүн алартып караган аялдарга периштелер да наалат окушат экен. Үнүн көтөргөн жана тарбиясыздык кылып жаткандардын абалына вай болсун. Аллах мындай аялдарды наалаттайт жана тозокко отун кылат. Албетте, акылдуу, пазилеттүү аялдар да бар. Алар мойнундагы милдетти жакшы билишет, чын дилден аткарышат, эрдин көңүлүн шат кылып, үй-бүлөнү бейпилдик жана бакыт коргонуна айландырышат. Бирок гендердик теңчилик деп аялдардын укугун коргоо жөнүндө кабар тапкан айрым алсыздар бул каражатты эрди тыйып коюу, аны сындыруу үчүн колдонушу да мүмкүн. Чындык мындай: эрлер барк таппаган журт кор болот; чексиз аялдар себептүү бактысыздык ааламды каптайт; эр болсун, аял болсун, өз чегин билиши, зулумдан тыйылышы, турмуш шеригин айыптабай өзүн көбүрөөк текшериши максатка ылайык. Эр да, аял да үй-бүлөдө бейпилдик болушуна умтулушу зарыл, экөө бири-бирин аясын. Бирок бүгүн аялдар күйөөсүн аяо жөнүндө таптакыр ойлобой, тескерисинче, күйөөмдөн ашып түшөм дегенге окшошот, Аллах сактасын. Эркектер: «Аялымды кыйнап жатпаймынбы?» — десе, аялдар: «Күйөөмө машакат жаратып жатпаймынбы? Кантсем, күйөөмө жеңил болор экен?» — десе, аалам гүлстан. Албетте, күйөөсүнүн үйгө каккан бир мыгын да бетине салган аялдар бактысыздыкка буйрулган.
Комментарийлер
Азырынча комментарий жок. Биринчи болуп пикир калтырыңыз.