Тил

Бир тиленчи бир байдын босогосуна жатып алды. Башкача айтканда, күн сайын садага сурачу, анын башкалардан…

Өзбек тилинен которулду · Түп нуска

Бир тиленчи бир байдын босогосуна жатып алды. Башкача айтканда, күн сайын садага сурачу, анын башкалардан айырмасы — ал так өлчөм талап кылып жаткан: мага миң динар бер дечү. Бирок бай бир дирхамдан ашык бергиси келчү эмес, себеби тиленчинин абалына карап, миң динар берүүгө акылы жол берчү эмес. Тиленчи болсо ушунчалык тээрс туруп алдыки, бай аны көргүсү келбей калды, акыры күндөрдүн биринде кызматчысына миң динар берип: «Тигил тиленчиге бер, болгону көзүмөн жоголсун», — деди. Тиленчи максатына жеткенине кубанып, чуркап кетти. Бай да бир бетпактан кутулганына шүгүр кылып, үйүнүн экинчи кабатына чыкты, күтүлбөгөн жерден терезеден бир көрүнүшкө көзү түштү: анын миң алтынын алган тиленчи шашып-бушуп чуркап баратканда, аны кокустан бир киши өлтүргүч ууру көрүп турган экен, ууру эч ким көрбөй жатат деп ойлоп, тиленчиге кол салып, алтынын тартып алды, тиленчи бергиси келбей ага жабышканда, ууру анын так жүрөгүнө канжарын сайып, бир көз ирмемде өлтүрө салды, андан соң тез эле изин калтырбай жоголду. Жыйынтык мындай: Кудай — Ганий (Бай) Зат. Ошону менен бирге Ал — Хаким (Даанышман). Сен эмне сурасаң бере турган, бирок эч кимге муктаж эмес Зат. Ал Өз хикматы менен сага эмне керек жана эмне керек эмес экенин билет. Сен байлык сурайсың, бирок дал ушул убакта сага жакырчылык жакшыраак, анткени байлык сен үчүн жакырчылыктан да коркунучтуу болушу мүмкүн. Сен даңк-атак каалайсың, бирок таанымал болбоо сен үчүн пайдалуураак, балким... Сен илим сурайсың, балким азыр билбөө сага ылайыктуу, билгенден кийин амалсыз шайтанга айланбаш үчүн күтүү зарылдыр, ыктымал... Сага эмне керек экенин Кудай билет жана сага эң керек убакта, сен даяр болгон учурда Ал ошол нерсени сага берет. Эгер ошол нерсени алуу тагдырыңда жок болсо, демек, ыраазы бол, ушул сен үчүн жакшыраак, анткени бөлүштүрүүнүн Ээси — Кудай. Жашоо байлыгы менен кыйраган, даңкы менен шерменде болгон жана илими менен кор болгондорду көрдү. Ким сабыр кылса жана Кудайдын тагдырына ыраазы болсо, бакытка жетет! Пенде өз мойнундагы ишти кылышы керек — ага ибадат жана моюн сунуу, адал ырыскы үчүн кесип кылуу буйрулган, ушул иштерди кылсын жана токтобосун. Ошондой эле, көркөм мүнөзгө буйрулдук, адамзаттын дүйнөдөгү жана акыреттеги бакыт-таалайы анын көркөм адеп-ахлагына шайкеш. Адеп-ахлагы жаман адамдын бактылуу болгонун же адеп-ахлагы көркөм адамдын бактысыз болгонун эч ким көргөн эмес. Бардык караңгылыктар жана кайгылар адептин жамандыгынан келет, илимдин аздыгынан эмес, ошондуктан адегенде адеп үйрөнүү артык деп айтышкан. Имам Ахмад рахматуллахи алайхинин шакирттери айтышыптыр: «Устаздын алдында 20 жыл болдук, 18 жыл адеп үйрөндүк, 2 жыл илим, устаз дүйнөдөн өттү; кийин, кана эми, ушул 2 жылда да адеп үйрөнгөнүбүздө деп арман кылдык». Ар бир напси өзү жеткен эмес, жете албаган нерсесинен жакшылык көрсүн, колуна келгенден корксун, жамандыкка себеп болбосун! Напсини кубанткан нерселердин жакшылыктуу болушу кыйын. Кудайдан Кудайды ыраазы кыла турган нерселерди суроо керек, напсини кубанта турган нерселерди эмес. Бир күнү колго алганыбыз жүрөгүбүзгө канжар болуп сайылбасын! Кудайым, бизди кыйынчылыктардын ичинен чыгар жана Өзүң ыраазы болгон жолго башта!

Акром МАЛИК

4 450жолу көрүлдү

Комментарийлер

    Башка макалалар

    ЖАШОО АБДАН ЖӨНӨКӨЙ ЖАНА КООЗ, аны татаал жана жийиркеничтүү кылган — адамдын напсиси.

    Кайгыга батууга эч кандай муктаждык жок, жөн гана адам баласы таза болсун, күнөөлөрдөн алыс болсун! Текеберлик менен зээнсиздиктен арылсын; көралбастык менен калптан алыс кетсин;…

    1 мүн.

    Ач көздүк жана атак кумарлык оорусунан аман болуу — эң чоң бакыт, анткени булар аммара напсинин ажырагыс…

    Азыр «алдыңкы» жаштарыбыздын арасында «Өсүү» деген сөз көп айланып жүрөт. Башкача айтканда, алар кандайдыр бир жумуш ордунан «өспөй жатканын» шылтоо кылып кетип калышууда. Эмне…

    2 мүн.

    Сайтка кирүү

    Реакция калтыруу, комментарий жазуу жана жөндөөлөрдү сактоо үчүн кириңиз.

    Улантуу менен сиз колдонуучу келишимине жана купуялык саясатына макулдук бересиз.