БИРИНЧИ БӨЛҮМ
Өзбек тилинен которулду · Түп нуска
БИРИНЧИ БӨЛҮМ ҮЙ-БҮЛӨНҮН БИЙЛЕГИ — АТА
Экинчи бап Атанын адеп-ахлагы
Ата — үй-бүлөнүн бардык жүгүн ийнинде көтөргөн түркүк. Ал муну терең түшүнөт. Ал көркөм адеп-ахлакты өзүнүн негизги пайдубалына айлантат. Ата, баарыдан мурда, туруктуулуктун ээси. Ал үй-бүлөнүн түйшүктөрүнөн жана машакаттарынан артка качпайт. Ал көйгөйлөрдү жана кыйынчылыктарды эрдик менен ийнине алат. Ал үчүн үй-бүлө жана анын иштери — өмүр менен өлүмдүн маселеси. Ата — кайраттуулуктун ээси. Ал үй-бүлөнү коргоодо эч нерседен коркпойт жана тартынбайт. Үй-бүлөнү денелик жактан да, рухий жактан да кайтарат, перзенти жардамга муктаж болсо, канатсыз учуп барат; үйдүн ар бир абалына жооптуу: кечинде эшиктерди жабат; чырактарды жана газды текшерет; болушу мүмкүн болгон кандайдыр бир коркунучтарды алдын ала сезип, коргонуу чарасын көрөт. Ата ичпейт. Чекпейт. Бузукулуктан жана башка жаман иштерден алыс турат. Ата зулумдук кылбайт. Ата шашпайт. Ата сабырдуу жана жумшак мүнөз болот. Ата үй-бүлөдөгү бардыгын, өзгөчө перзенттерин көңүл коюп байкайт. Алардагы денелик жана рухий өзгөрүүлөрдү, өсүштөрдү көздөн чыгарбайт. Балдарынын көзү, жүзү, өңү — баары тууралуу билет. Баланын качан капалуу, качан кубанычта экенинен кабардар. Баланын кайраттуу же жалкоо, чынчыл же алдамчы болуп баратканына кайдыгер калбайт. Баласынын табияты эмнени сүйүп, эмнени жек көрөрүн билет. Баланын илимге же кесипке, кайсы өнөргө жана тармакка кызыгып жатканын сезет. Баланы чоңдордун алдында, көчө-көйдө ачыктан-ачык эркелетпейт, өөп, жалап-жулкулабайт. Тескерисинче, кыймыл-аракети, камкордугу менен муну сездирип турат. Баланы кордобойт. Катасын жумшактык менен айтат. Оңдойт. Оңдошу үчүн жардам берет. Баланын сөздөрүн угат. Бирок бардык сөзүн чын дебейт, тескерисинче, текшерет, анан же ырастайт, же четке кагат. Баланы бир көз ирмем да көзөмөлсүз калтырбайт, бирок муну ага кылдай да сездирбейт. Баланын кемчиликтерин көрсө, адегенде эки жолу эскертет, андан соң жаза чараларын көрөт. Ачуусун кандайдыр бир түрдө өтө ченем менен билдирип коёт, бала атанын ачуусу бар экенин билсин үчүн. Ата менен баланын ортосунда парда болушу табигый. Ата бала менен сырдаш жана дос экенин ачыкка чыгарууга аракет кылбасын, тескерисинче, баланын бүт рухий дүйнөсүн билип турсун. Атанын сүйүүсү ар дайым жашыруун жана зарылчылык. Башкача айтканда, тилге чыкпайт, ачык айтылбайт. Белгилүү түрлөрдө жана белгилүү абалдарда билдирилет, табигый. Мындай муктаждыктын учурун атанын зээндүүлүгү түшүнөт. Ата эмгектен коркпойт. Эмгектен тартынбайт. Ата ушак кылбайт, эч кимди жамандабайт. Ата — сырдуу инсан, анын түйшүктөрү жана кайгылары, кубанычтары жана шаттыктары бала үчүн сыр бойдон кала бериши керек. Ата эрте ойгонушу, бүт үй-бүлөнү ойготушу зарыл. Ата ибадаттарын өз убагында аткарышы, дубалар кылышы, адал жана таза дене, таза кийим менен жүрүшү керек. Ата эч качан авраты саналган мүчөлөрүн жаңылыштык менен да баланын көрүп калышына жол бербөөгө аракет кылат. Баланын кичинесинен эле маанилүү инсан экенин ага атанын көрсөткөн көңүлү жана кунт коюусу билдирип турат.
Акром МАЛИК
Комментарийлер
Азырынча комментарий жок. Биринчи болуп пикир калтырыңыз.