Эч качан кандайдыр бир жамааттарды түзүүгө аракет кылбаган жакшы. Ар кандай жамааттын ичинде чыккынчылык…
Өзбек тилинен которулду · Түп нуска
Эч качан кандайдыр бир жамааттарды түзүүгө аракет кылбаган жакшы. Ар кандай жамааттын ичинде чыккынчылык жашайт. Адам жамаатына ишенсе, кор жана зар болот. Жамаат деген кызыкчылыктын үстүндө гана бар. Курсагын тойгузуп, бир аз жакшы сөз менен кубантса, баары жамаатка бириге берет. Жамаатты башкарган адам инсаптуу жана агартылган болсо, бул нерсе айланасындагыларга таасир этип, алар да ошол кейипти кийип жүрүшөт. Бирок башкаруучу наадан болсо, ал жамаат жапайылардын үйүрүнөн айырмаланбайт. Эки адамдын башын идеянын негизинде бириктирем деген кыял — чийки. Идея эмес, ачка курсак жана тамак бириктирет. Идея жалгыз адамда гана болот. Ал — жамааттын тамыры, бирок ошол жамаат эч ойлонбостон бул тамырды кесип сала алат. Жамааттын ынтымагы жана биримдиги жөнүндө эң көп сүйлөгөн — эң биринчи болуп качуучу. Адамдардын үйүрүнөн куткарылуу күтпөө — акылдууларга мүнөздүү. Албетте, бул ырайымсыз чындыктын алдында узлат тандабоо — эрлердин иши. Ушул адамдарга кызмат кылуу жана бул адамдардан ийне да күтпөө. Жакшылыкты кылып, дарыяга ыргытуу. Үйүрлөр менин баркымды билет деп арифтер алданышпайт. Мээр күткөн азап көрөт. Мээр күтпөө — азап көрбөөнүн жолу. Курсагын тойгузганды ит капбайт, бирок адам капат, балким жеп да коёт. Адам бойдон калуунун жолу — баарына жакшылык кылып, унутуу; унутпаш керек: кишинин табиятында кимге жакшылык кылса, ошого байланып калуу адаты бар; колуңдан нан жегендерге байланып калбасаң, болду.
Акром МАЛИК




Комментарийлер
Азырынча комментарий жок. Биринчи болуп пикир калтырыңыз.