Таанымал болом деген ой жүрөктөгү оорудан. Таанымал болуу, шан-шөһрөт — бир кишини көпчүлүктүн билиши.…
Өзбек тилинен которулду · Түп нуска
Таанымал болом деген ой жүрөктөгү оорудан. Таанымал болуу, шан-шөһрөт — бир кишини көпчүлүктүн билиши. Албетте, жакшы сапаттары менен билсе, андан да жагымдуу: абдан акылдуу, илимдүү, эмгекчил, сулуу, күчтүү жана башкалар. Баарыбыз өзүбүз жөнүндөгү жакшы сөздөрдү угууну сүйөбүз, өзгөчө биз жок жерлерде айтылса, көпчүлүк атыбызды даңазалап айтса, терибизге батпай калабыз. Жаман сөз эч кимге жакпайт, адатта — туура сөздөр. Бизди өзүбүз жөнүндөгү жалаалардан көрө дал чындыктар көбүнчө жаалга салат. Артыбыздан сүйлөшсө го, сүйлөгөн адам менен тез эле кастык кылышабыз. Сөздү таанымал болуу жөнүндө баштаган элек. Миң жыл мурун жазылган китептерибизге ылайык, мисалы, Рабгузи хазреттеринин “Пайгамбарлар тарыхынан” белгилүү болгондой, Кудай айтат: “Мен бир казына элем жана таанылууну каалдым, анан адамды жараттым”. Кудайдын эрки — Өзүн тааныштыруу эле. Маселеге тереңдебей, имам Газали хазреттеринин китебинде келген бир маанига көңүл бурабыз: “Адамзатта рубубийлик, айбандык, шайтандык жана рахмандык сапаттары бар”. Бул жерде рубубийликти түшүндүрүшүбүз керек, анткени ал темабызга көбүрөөк тиешелүү — адамдын өзүн Кудайга окшотушу — бул рубубийлик. Кудай Өзүн мактайт, Өзүн мактоого буйрук кылат, Өзүн мактагандарды жакшы көрөт, Өзүн таанууга амир кылат. Адам да өзүн мактаса, мактоолорду сүйсө, өзүн билдирүүгө аракет кылса, Кудай болом деген каалоонун көрүнүшү ушул болот. Мына ушул каалоону ичинен толугу менен сыдырып таштоо менен адам Кудайга сүйүктүү болот. Бул башка маселе, биз айткыбыз келген сөз таанымал болуу жөнүндө эле жана биз анын тамыры тууралуу айтып өттүк, муну араб тилинде “хуббуз зухур” — көрүнүүнү сүйүү деп да аташат. Таанымалдык Кудайга таандык. Ар бир пенде Кудайды таанууга милдеттүү. Таанбаса, өзүнө зулум. Адам бул ишти коюп, өзүн тааныштыруу менен алек болсо, акырындап бактысыздыктын чеңгелине түшө берет. Адамда атак-даңкка кумарлык канчалык зор болсо, напси ошончолук зор. “Кантип таанылсам экен?” — бул дарт менен адам өзүн ар кандай абалга салат. Анын жазганы, айтканы, токтоо кейпи — баары-баары таанылууга багытталат. Чыгармачылык деп сунушталган иштин ичинде идея эмес, мен деген доомат жаңырып турат. Шан-шөһрөткө кумар адамдар башкалардын баасын да шан-шөһрөттүн өлчөмүнө карап өлчөйт. Таанымал болуу — коркунуч. Эң оболу, адам текебердикке жана менменсинүүгө кабылат. Ага көңүл бурбай коюшса, башкача айтканда, эч ким аны байкабай калса, капа болот. Бүгүнкү күндө — лайк жана ар кандай таануулардын жоктугунан кыйналат. Андан соң шан-шөһрөт тактысын кайтарып алуу үчүн өзүн ар кандай абалга салат. Ушундайча адамда адеп-ахлактык сынуу — өзүн-өзү кордоо, шерменде кылуу баскычы башталат. Шан-шөһрөт шарабы ушунчалык күчтүү, ага көз каранды адам эч качан андан тойбойт; бул шараптан күч алат жана мас абалда аракет кыла берет, иштей берет. Таанымалдык аркылуу башкалардан жогору болом деген киши акыры адамдардын көзүнүн жана сөзүнүн көз карандысына айланат. Кишилердин кол чабуусунан мас болуп, өзүн абдан күлкүлүү жана аянычтуу алып жүрөт. Акылы азайып кетет. Бирок адамзатка тамаша гана керек, болгону. Кишилердин абдан чоң бөлүгү атактууларга тамаша үчүн карашат. Зеригип калбаш үчүн. Эртең бул атактуу унутулса, башкасына суктанат. Жөн эле ач көздөр жана маанисиз сөздөр. Башка эч нерсе. Жүрөк жана акыл ээлери аз. Чыныгы илимди баалаган, ирфан жана агартуу, ыклас жана чын пейилдүүлүк ээлери өтө эле аз. Алар кимдир бирөөнү аалым деп билишсе, пайда алуу каалоосу менен кулак салышат. Карапайым эл болсо бул сөздү айтып жүрүү, кемчилигин табуу, мактоо же кордоо үчүн угат. Ошондуктан бир вазчы жан күйгүзөт, угуучулар идеянын маңызына карабайт, сүйлөгөндү жана сөздү ушак кылып тарашат.
Адамдардын көңүлү, алардын көптүгү менен максатка жетилбейт. Чыныгы адамдарды, чыныгы жүрөк ээлерин таап, алар менен сырдашуудан максат ишке ашат. Кырк тонна топурактан төрт грамм алтын чыккандай, миллиондогон адамдардын ичинен чыныгы инсандар да табылат. Чынында, үн аларга багытталган. Карапайым эл да куру сөз менен алек болгонунан көрө агартуучу сөзгө кулак салганы артык көрүнөт. Сөз көбөйүп, максат четте калды окшойт. Айтылгысы келген жыйынтык мындай: бышпай туруп ортого чыкпа. Канатың чыкпай, кыйкырба. Чындыктарды түшүнүп жеткениңде сүйлөбөөгө күч жетпейт. Андан кийин болсо сүйлөөгө күч жетпейт. Баарына бардык нерсени түшүндүрөм деген обал болот. Чыныгы чындык кишини басып коёт жана таң калтырат. Башкача айтканда, унчукпай калгандар — эң күчтүүлөр. Андан тышкары, чын сөз баалуу болсо да, айтуучу үчүн ырахат эмес, азап гана алып келет. Бир аз да оорутпаган жана абдан жагымдуу сүйлөм кып-кызыл жалгандан турушу абдан чоң ыктымалдык.
Акром МАЛИК




Комментарийлер
Азырынча комментарий жок. Биринчи болуп пикир калтырыңыз.