Тил

АЛТЫНЧЫ БАП

Өзбек тилинен которулду · Түп нуска

АЛТЫНЧЫ БАП — сүрөт

АЛТЫНЧЫ БАП

Экинчи бөлүм

Күйөө тандоо

Күйөө тандоо келин тандоодон олуттуу айырмаланат, албетте. Келин тандоодо үй-бүлө биринчи кезекте эске алынса, күйөө тандоодо жигиттин үйлөнүү босогосунда кандай абалда экени маанилүү. Кандай абалда дегенибизде, эң оболу, анын дене жана рухий саламаттыгын, ошондой эле кандайдыр бир кесип-өнөрдүн ээси болушун эске алып жатабыз. Дене саламаттыгы эмне экенин талдап көрөлү. Бул — жигиттин төрт мүчөсүнүн соо болушу. Албетте, тубаса же адамдын өзүнө байланыштуу болбогон себептерден улам болгон айрым кемчиликтер эсепке алынбайт. Бирок жигит кишинин дене тарбиясы менен алектениши — анын оң сапаты. Эртең менен чуркаган, турникке тартылган, сүзгөн жана жалпысынан денесинин саламаттыгына, келбетине кайдыгер болбогон жигит жөнүндө, жок дегенде, чечкиндүү деген жыйынтык чыгарууга болот. Жигиттин кийинүүсү, чачы жана өзүн карап жүрүүсү — көңүл бурула турган экинчи чекит. Жеңи узун көйнөк, ченемдүү шым, кыска чач жана ушул сыяктуу эркектин табиятына жарашкан келбет — ички дүйнөнүн чагылышы. Чачын себеттей кылып, жылтылдап жүрүүнү сүйгөн жигит али эркектик баскычына кире элек, дүйнө таанымы толук калыптана элек, өзүн өзү көз-көз кылган өспүрүмдүк баскычта жашап жүргөн бала, болгону. Анткени жетилген жүрөк менен акыл жеңил ойлуу кейип менен коомдо көрүнүүгө жол бербейт. Оорулардын көзгө көрүнбөгөн түрлөрү абдан көп. Алардын ичинде коркунучтуу жана айыкпастары, башкача айтканда, акыры аянычтуу бүткөндөрү бир топ. Ошондуктан күйөөлүккө талапкердин медициналык текшерүүсү бүгүн маанилүү. Кан анализдеринин жана башкалардын ишенимдүү жыйынтыктарын кыздын атасы көрүшү шарт. Бул маселеде кайдыгер калууга болбойт. Муну күйөө тарап да туура кабыл алышы керек. Көздүн карегиндей өстүрүлгөн кызды айыкпас дартка чалдыккан жигитке берүүгө эч бир дени сак ойлогон ата-эне макул болбойт жана бул табигый нерсе. Рухий саламаттык маселесине келсек, бул жөнүндө сөз мындай: жигиттин ишеними соо болушу шарт. Башкача айтканда, анын, эң биринчи кезекте, диний деңгээли текшерилиши керек. Бул маселеде кыздын ата-энеси кандайдыр бир илим ээсинен жигиттин бул жагындагы көз караштарын бир көрүп чыгууну сураса болот. Ошондой эле мамлекет жана саясат менен байланыштуу көз караштарын да электен өткөрүү ылайыктуу, анткени ар бир эркектин бул маселеде жетиштүү жана туура позицияда болушу — жакшы сапат. Жигиттин улуулар менен мамилеси, кичүүлөргө боорукердиги, аялдарга урматы, акылы жана кыраакылыгы, адеби жана ахлагы, жоопкерчилиги жана сөзүнө бектиги, токтоолугу жана салмактуулугу көңүлдөн тышкары калбайт. Бул маселелерде кыздын атасы болочок күйөө менен ага-инилеринин, кайнилеринин, башкача айтканда, кызынын таякелеринин жана ушул сыяктуу салмактуу туугандардын күбөлүгүндө маек куруусу жакшы. Ар кандай суроолор берилип, жигит өзүн кандай алып жүргөнүнө көңүл бурулса, андан соң калыс кеңеш менен бир чечимге келинсе, кайырлуу болот. Албетте, күйөө тандоодо анын жакын-айланадагы маалладан болушу, ата-энесинин урматтуу экени да негизги баалоо критерийлеринин бири. Бир жигитке кырк өнөр аз. Илгери болочок күйөөлөргө отун жардырышкан. Бүгүн дал отун жарып бер деп айтылбаса да, анын кандайдыр бир башка түрүнө муктаждык жок эмес. Хазрети Бахауддин Мухаммад Накшбанд куддиса сирруху бабабыз мурид болом деген адамдарды кабыл алуудан мурун, сөзсүз, кандайдыр бир өнөр үйрөнүүнү талап кылчу экен. Өнөрсүз адамды муриддердин катарына кошчу эмес экен. Анткени эркек өзү үчүн адал тиричилик каражатына ээ болсо, тамагерлик коркунучунан алыс болот экен. Ошондуктан күйөө болгон киши кандайдыр бир кол эмгегин аткара алышы максатка ылайык. Борборубузда келиндикке даярдоо курстары бар. Бирок күйөөлүккө даярдоо курсун али көрө элекпиз, чынында, жигит кишинин кыздан көрө үй-бүлө үчүн көбүрөөк атайын даярданышы акылга жана логикага туура келет, ошондой эле бүгүнкү заман жашоосунун талабы да ушул.

Кыздардын аталары күйөө балаңыз болом деген жигиттерден кандайдыр бир так өнөргө ээ болушун талап кылышканы жакшы. Жигит бир жакшы кызга үйлөнөм деп, белгилүү шарттарды аткарса, андан да жакшы. Ошондо ал аялдын баркын билет, урбайт, аяйт, дароо талак берип жибербейт. Чыныгы жигит жакшы кыз үчүн сыноодон өтөт. Эгер күйөө болом деген талапкерде өнөр болбосо, үйрөнүп келсин. Диплом башка, өнөр башка. Кызын сонун тарбиялаган ата күйөөлөргө талап коюудан тартынбасын. Эртең өкүнүп, ах-вах кылбаш үчүн кызын ишенимдүү колго тапшырсын. Күйөөнү жети жолу электен өткөрсүн. Жигит кишинин жакшы кыз үчүн күрөшүүсү — анын артыкчылыгы, эч жери кемип калбайт, албетте, күйөөнүн ата-энеси муну түшүнүп, уулдарынын эркек болуп, сыноодон өтүүсүнө чыдап беришсин. Үйлөнүү — бул эркектикке кадам шилтөө дегени. Бул даңгыр-дуңгур той жана жеңил ойлуулук менен секирүү эмес. Дүйнөдө баары эле илимдүү боло бербейт. Күйөөлүккө талапкердин абдан терең илими болбосо да, илим ээлеринин күйөрманы болсо, жакшы. Илими ашып-ташып кетпесе да, адептүү болушу негизги шарт. Адепсиз жана акмак, ыйбаасыз жана бетпактарга кыз бербеңиздер. Үйлөнөм деген жигиттин куру-бекер сандырактарга толгон же башка максаттагы telegram каналы болсо, аны да текшерүү керек. Жигит бай экен, чет элде окуган экен, палан экен деген ар кандай жараксыз критерийлерден баш тарткан оң. Жигиттин колу кыска, бир аз кедей болушу табигый. Анткени ал эми жашоосун курат. Ата-энеси аны үйлөндүргөндөн кийин, аялы, болочок балдары үчүн иштейт. Эң негизгиси, жалкоо болбосо, адепсиз болбосо, болду. Үйлөнүү менен береке түшөт. Эгер илим жолуна түшөм деген жигиттерден жуучу келсе, аларга өзгөчө урмат көрсөтүү керек. Өтө жумшактык жана даанышмандык менен бул талапкер да текшерилет. Илим менен адептин шайкеш экенине көңүл бурулат. Эгерде жакса, макулдук берилет; көңүл чаппаса, сылык баш тартылат. Биз эскерип жаткан талаптар эч кимге машакат болуп көрүнбөсүн. Бул талаптар өтө жөнөкөй жана турмуштук. Балким, эсибизден чыгып калгандыр. Үйлөнөм дегендер да окуп, өзүнө жыйынтык чыгарсын. Кыз узатам дегендер да эске алсын. Анткени бул сөздөр биздики эмес, үрп-адаттарыбыздын, акыл-эсибиздин жана тажрыйбалардын сөздөрү. Жашоону олуттуу билген жана кабыл алган адамдарга багытталган сөздөр.

Акром МАЛИК

1 980жолу көрүлдү

Комментарийлер

    Башка макалалар

    Адамдар менен мамилелерди үзбөө оң. Адамдар менен узак убакыт байланыштарды сактап калган жакшы же узак…

    Калыптанган адам жаңы достордун артынан чуркабайт же эски тааныштары менен байланыштарды кесүүгө ышкыбоз болбойт. Акылдуу киши жакын адамдардын баркын билет. Бардык сөз ошол эски…

    3 мүн.

    Жашообуздагы иштер эки бөлүктөн турат: биздин ыктыярыбыздагы иштер жана биздин ыктыярыбыздан тышкаркы иштер.…

    Адамдын саат канчада укташы, ойгонушу; жакшы сөздөрдү айтышы же жаман сөздөрдү тандашы; адал эмгек кылышы же арам-ашам жеп-ичиши; ибадат кылышы же андан жүз буруушу — булардын…

    2 мүн.

    АЛТЫНЧЫ БАП

    ҮЙ-БҮЛӨ КУРУУ Экинчи бөлүм Келин тандоо Мурунку барактарда айтылган сөздөрдү кайра кайталайбыз: уулга адал жар тандоо жана алып берүү — ата-эненин милдети. Үй-бүлө куруунун,…

    5 мүн.

    Сайтка кирүү

    Реакция калтыруу, комментарий жазуу жана жөндөөлөрдү сактоо үчүн кириңиз.

    Улантуу менен сиз колдонуучу келишимине жана купуялык саясатына макулдук бересиз.