Алысты көрө билүү үчүн тартиптүү жана тунук ой жүгүртүү талап кылынат. Жөн гана бир суроо берүү зарыл: «Бул…
Өзбек тилинен которулду · Түп нуска
Алысты көрө билүү үчүн тартиптүү жана тунук ой жүгүртүү талап кылынат. Жөн гана бир суроо берүү зарыл: «Бул ишимдин акыры кандай болот?» Бул суроонун жообун билүү үчүн жети ченөөгө муктаждык бар. Негизгиси, адам максатын тактап алышы керек. Максат экиге бөлүнөт: максаттардын максаты жана ага жеткирүүчү максаттар. Максаттардын максаты – идеялардын идеясы дегенди билдирет. Муну тагыраак түшүнүү үчүн мындай мисал келтирсек болот: үй салгым келет. Үй салуу үчүн мага жер керек (1); үйдүн сүрөтү (долбоору) зарыл (2); үйдүн чиймесинин негизинде жерди казышым керек (3); казылган жердин түбүндөгү топуракты чөктүрүп тыгыздоого аргасызмын (4); цемент, шагыл, кум сатып алам (5); буларды аралаштырып, казылган жерлерге тартип менен куюп, пайдубалды көтөрөм (6); үйүмдүн бийиктиги канча болсо, ошого жараша мага бир нече миң даана кыш керек (7); ашарга туугандарды жана кошуналарды чакырам (8); баарыбыз чогуу кыш тизебиз (9) – ушинтип бир күндүн ичинде үйдүн дубалын көтөрүп алабыз; үйдүн чатырын жабуу үчүн тосун, камыш, шифер жана башкаларды алып келем (10)... Бул жерде үй – максаттардын максатына мисал; аны салуу үчүн жасала турган иштер – биз алардын онун санап чыктык – ага жеткирүүчү кичине максаттар. Кичине максаттардын максаты – үй болуп саналат. Башкача айтканда, үй идеялардын идеясын билдирип турат. Үйдү толук салып бүтүрүшүм үчүн кыла турган иштерим да максат болуп саналат жана аларды кылбай туруп негизги максатыма жете албайм. Элестетип жатам: отуз күндүн ичинде үй салам. Ар бир күнү кыла турган иштеримдин планын жазып чыктым. Эртең менен болсо маанайым жок ойгондум. Ордумдан тургум келбеди. Ошентип бешим убагы болуп калды. Биринчи күндүн ишин аткарбадым, «эртең кылам» дедим. Кийинки күнү эртең менен маанайым жакшы ойгондум, бирок илхамым келбеди; ошондуктан илхам келишин күтүп убакыт өткөрдүм. Андан кийинки күнү илхамым да, маанайым да ордунда эле, бирок калып кеткен эки күндүн айынан көңүлүм чөгүп кетти. Келерки күнү кандайдыр бир көтөрүңкүлүк менен «баарын мыкты кылам» дедим да, бир аз иштеп таштап койдум, шылтоо чыкты – достор чакырып кетишти... Арадан отуз күн өттү, планым ишке ашкан жок, үй салынган жок. Бирок кошунам да дал мендей план түзгөн эле, анын үйү болсо бүтүптүр. Чоң максат үчүн кичине максаттарды ишке ашыруу керек экен. Өз убагында кылынбаган иш эртең оор жүккө айланат – калган ишке кар жаайт. Даанышман жана акылдуу адам ким? Ар дайым узак мөөнөттүү максаттарды көздөй умтулган, бул жолдо пландаштырылган иштерин күн сайын шашпай аткарган адам. Анын эмгеги бүгүн мөмө бербейт, бирок эртең ал баарынан чоңураак натыйжага ээ болот, анын жалгыз жеңиши – максатты белгиледи; ага жетүү үчүн кичине максаттарды аныктады; күн сайын пландагы иштерин аткарды, токтогон жок. Бул абалда не көңүл чөгүү, не жалкоолук аны кайтара алган жок.
Акром МАЛИК




Комментарийлер
Азырынча комментарий жок. Биринчи болуп пикир калтырыңыз.