Адам жашоосунда сөз өтө маанилүү. Утуп чыккан адамдардын ар бири сөзүнө көңүл бурган адамдар. Утулгандардын…
Өзбек тилинен которулду · Түп нуска
Адам жашоосунда сөз өтө маанилүү. Утуп чыккан адамдардын ар бири сөзүнө көңүл бурган адамдар. Утулгандардын баары сөзүнө кайдыгер карагандар. Ким өз сөзүн баалай билсе, аны баары баалайт. Ким өз сөзүн тебелесе, өзү буттун астында калат. «Көп сүйлөгөн» деген ат – эң жагымсыз ат. «Аз сүйлөгөн» деген сыпат – эң жакшы сыпаттардын бири. Сүйлөөнүн айрым эрежелерин эскеребиз. Биринчиден, киши билген нерсеси жөнүндө сүйлөгөнү жөн. Билбегени жөнүндө айтуу адамдын абийирин түшүрөт. Экинчиден, киши билген сөзүн да эң керектүү жерде айтсын. Кээде чындык зулумга да себеп болот. Бардык адилеттүүлүк жана ырайым бул дүйнөдө чынчылдык менен гана ишке ашпайт, калптын айрым учурларда жакшылыкка кызматы бар. Ошондуктан адамдын «чын сөздү айтып жатам» деп баарын айта бергени максатка ылайык келбейт. Үчүнчүдөн, башкалардын ар-намысын сактоо аркылуу адам өз ар-намысын сактайт. Адамдардын абийирин жерге урган сөздөрдөн сактанганы оң экен. Адамдарга чыныгы кам көрүү – тил аркылуу алардын жүрөгүн оорутпоо жана кадыр-баркын жерге урбоо экен. Төртүнчүдөн, берилген суроого жооп берүү, ашыкча майда-чүйдөсүнө өтпөө жакшы сапат болуп саналат. Бешинчиден, адам атүгүл өз перзентин да сыйлап, жакшы сүйлөсө, утушта болот экен. «Палончу мага жакын го» деп тилге эрк берүү жакындардан ажыроого алып келет. Сөз аркылуу жыланды ийининен чыгарууга болот экен, демек, кооз жана маанилүү сөз менен жүрөктөр багындырылат, максаттарга жетилет. Алтынчыдан, кордогон сөз колдонгондорго жооп бербөөдөн өткөн кооз ахлак тажрыйбада көрүлгөн эмес. Бирөө адамды ар түрдүү айыптар менен акы-наакы айыптап, сөздөрдүн огун жаадырса, унчукпай ал жерден кетүү эң акылдуу чечим болот экен. Анткени жахилге жакшы сөз таасир этпейт; жаман сөз болсо кооз ахлакка каршы. Алтынчыдан, көптөгөн жемелөөлөр жана айыптоолорго карата унчукпай коё билүүдөн чоңураак айбат ачылган эмес. Негизсиз сөздөргө унчукпай кетүүдөй улуу ахлак табылган эмес. Ашыкча сүйлөөлөр, жасалма чиренүүлөр, «акылымды жана илимимди көргүлө» деп сайрап туруу сыяктуу аянычтуу көрүнүш жок. Сөз зарылдык болгон учурда гана колдонулса, максатка абдан тез жеткирет; зарылдыксыз колдонулса, муктаж болгон убакта сөздөн пайда келбейт. Сөзүнө кожо болгон өзүнө ээ чыгат, башкача айтканда, башка эч кимге баш ийбейт. Тилден чыккан сөз же душман, же дос. Бекер жаңырса, ал ысырап кылынгандыктан сенин душманың; керектүү жерде колдонулса, сөз өмүр бою сенин кызматыңда.
Акром МАЛИК




Комментарийлер
Азырынча комментарий жок. Биринчи болуп пикир калтырыңыз.