Тил

ЖЕТИНЧИ БАП

Өзбек тилинен которулду · Түп нуска

ЖЕТИНЧИ БАП — сүрөт

ЖЕТИНЧИ БАП

ЭР-АЯЛ

Төртүнчү бөлүм

Аялдын ахлагы

Азыр айрым «акылмандар» «аялдар көбүнчө күйөөлөрүнүн зулумуна кабылышат, эй аялдар, зулумга чыдабаңыздар» деп оозунан көбүк чачып жатышат. Алардын арасында көбү өзүн мусулман аял деп билген, атүгүл өзүн мусулман аялдардын жол башчысы деп элестеткендер да арбын. Бирок эр менен аялдын ортосунда каталар себептүү эки тараптын бири кандайдыр бир мааниде чоң же кичине зулумдарга жол бериши табигый, жана алар эр-аял болгондуктан бири-бирин зулумда айыптабастан, бири-бирин түшүнүп, кечиришсе, мына ошол иш түзөтүү жана жакшылык болмок. Ар бир аял «күйөөм зулум кылды» деп «тык» эткен кичинекей нерсе үчүн бакырып-өкүрө берсе, жашоо болобу? Ошондуктан жол башчы аялдар бул маселеде алысты ойлоп, калыстык менен сүйлөшсө, максатка ылайык болмок. Эр-аял — кош өгүз. Эки жарым — бир бүтүн. Аттын тебүүсүн ат көтөрөт. Эр-аялдын урушу — дока жоолуктун кургашы. «Зулум» жана башкалар деп арзыбаган иштер үчүн жака айруу шартпы? Аялдын кандай сапатка жана ахлакка ээ болушу ал төрөлгөн үй-бүлөгө байланыштуу. Жакшы тектүүлөрдүн тукуму болгон кыз туура тарбия алууга ар дайым даяр. Анын ичинен келген чын ыкластуулук, акылмандык жана Кудайдан коркуу сыяктуу сапаттары болот, кээде каталар кетирсе да, ошол сапаттарынын аркасында кооз тарбия жана мүнөздү өздөштүрүп барат. Мындай аялды тарбиялоого жана адеп берүүгө мүмкүнчүлүк бар. Ал канчалык каршы чыкса да, туура тарбия менен туура жолго кайта алат. Эркек акылдуу жана баш ийген аял менен жашай берет. Ошондой эле рухий жактан күчтүү, акыл жагынан жетик болсо, акмак жана тил албас аял менен да жашай берет: акылдуу жана баш ийген аялды жакшы көрөт; акмак жана тил албаска чыдайт. Чыдашынын эки себеби болот: перзенттер жана аларды жетим кылбоо – бул эң маанилүү себеп; башкаларды бул аялдын зыян-залалынан коргоо, анткени бул күйөөдөн чыккан аял, албетте, барган жерин кезектеги тозокко айлантат. Аял чындап бактылуу жашайм десе, өзүндөгү илдеттерди жеңип, ордуна жакшы сапаттарды калыптандыра алса, жетиштүү. Аялдар дүйнөкор болушат: кийимдерге, тамактарга, зер-жасалгаларга, жасалгалуу турмушка ынтызар болушат, башкалардын кооз жана кымбат жашоосу аларды ар дайым толкундантат – эмне үчүн ал ушундай кийинет, мен эмес? Эмне үчүн алар чет өлкөлөргө саякат кылышат, мен эмес? Эмне үчүн ал белгилүү, мен эмес? – аял заты ушул дүйнөкорлуктан жеңип чыкса, ар түрдүү каалоо-кумарларын тизгиндей алса, ал жакшы жана акылдуу аял; тизгиндей албаса, кыска акыл. Аялдар тил албас, сөзгө кулак салбаган болушат: күйөөнүн бир сөзүнө эки сөз менен жооп беришет; канчалык жумшактык менен кемчилиги айтылса да, оор кабыл алышат; унчукпоо жана моюнга алуу аларга жат; эгерде аял заты күйөөсүнө «макул болот» дей алса, «катамды көрдүм, оңдойм» дей алса жана ошого умтулса, ал акылдуу жана жакшы аял, антпесе, көңүлдү кайт кылуучу. Аялдар чындыкка чыдамсыз, калпты сүйүүчү, өзү да калп айтуучу, ишинин акырын ойлоого алсыз болушат: эч качан чын сөздүн алдында унчукпай тура алышпайт; албетте, «андай эмес» дешет; калп сөздөрдөн турган жакшы сөздөрдү талап кылышат; оюна келген ишти дароо кылышат. Эгер акыйкатты моюнга алса, калпты четке какса, «бул ишимдин акыры эмне болот» деп ойлой алса, мындай аял – алтын. Эгер андай болбосо, чыдап жашала турган аял. Аялдар сабырсыз жана туруксуз: бир аз кыйынчылык келсе, «дат, жашоом караңгы» деп зар какшашат; күйөөнүн колу бир аз кыска келсе, «бирибиз экөө болбой жатат» деп нааразы болушат; колундагы ырыскы жана нээматты көрбөй, «эртең эмне болот» деп дүрбөлөңгө түшүшөт, так эле ачкадан өлүп, жылаңач калчудай жыйнап-топтоп, кара күнгө даярдык көрүшөт – кайсы аял Кудайдын ырыскысына ишенсе, күйөөсүнүн тапканына канаат кылса, барына шүгүр, жогуна сабыр кылса, бул аял – эң мыкты аял.

Аялдар бир ишти туруктуу аткара албаган, ойлору ар нерсеге чачылган, көңүлүн топтоого алсыз, бөтөндөрдүн таасирине түшүүчү болушат; эгер кайсы бир аял күйөөсүнө баш ийип, бир ишти дайыма аткарса, ою канчалык чачылса да, ишине кайта алса, бөтөндөр ар нерсени айтып тымызын козгосо да, үй-бүлөнү жана күйөөсүн биринчи орунга койсо, акылдуу, эстүү аял ошол. Аялдар жалкоо, тамак жасай албаган, сезимине ээрчип, иштерди үстүрт кылуучу болушат; кайсы аял тырышчаак, ашпоз, тыкан, үй-бүлөдөгү милдетин өз убагында аткаруучу болсо, ал – жоохар аял. Аялдар өзүндө барбы-жокпу, оң сапат жана ахлак менен көпчүлүктү таң калтырууга, кол чабууларды угууга ынтызар болушат; кайсы аял эч качан көпчүлүктүн алдына умтулбаса, андан өзүн алып качса, өзүн чыныгы мааниде жашырса, ал Кудайдын досу жана тектүү аял. Аялдар күйөөсү менен тез душмандашкан, тез саткан, бөтөнгө тез достук билдирген сапаттарга ээ; кайсы аял күйөөсү менен араздашпаса, күйөөсүнө берилген болсо, ал кадырга татыктуу. Туруктуу, берилген, баш ийген, зирек, үй-бүлөсүн сүйгөн, күйөөсүнүн көңүлүн алган, күйөөсүнө толук ишенген; күйөөсүн кандай учурда да кордобогон; кыйынчылыктарга сабырдуу; нээматтарга шүгүрдүү; үй-бүлө сырларын сактаган; эмгекчил; көзүн маанисиз сүрөттөрдөн, кулагын жараксыз сөз угуудан, тилин ушак жана чагымчылыктан тыйган; даңк-дабырага, таанылууга умтулбаган; апасына жана эже-сиңдилерине күйөөсүнүн, кайын ата менен кайын эненин сырларын жеткирбеген; тили ширин, жүзү жылмайган; назы жана эркелиги өз ордунда болгон; ысырап кылбаган; перзенттерине мээримдүү, алардан тажабаган; Кудайга ибадатта, күйөөсүнө баш ийүүдө кемел аялдарга даңк-урмат, таазим жана дубалар болсун! Күйөөнүн нервин жеп, пастыктан кайтпаган, калпычы, чыккынчы, сабырсыз, дүйнөкор, атак кумар жана ушул сыяктуу тарбиясыздыктарга кабылган аялдарга болсо айтар сөз жок, анткени алардын ушул сапаттары алар үчүн жетиштүү жаза; алар кордук жана басынтууну өздөрү үчүн куруп алышат. Аялдар үчүн эң чоң коркунуч – көрө албас, ичи кара аялдар. Аялдар, адатта, өз жынысынан болгондордун таасирине тез түшүшөт. Жомоктордо да жаш кыздарды жолдон азгыруу жалмауздардын мойнуна түшкөнү бекер эмес. Ошондуктан урматтуу аялдар өздөрүндөй куу жана амалкөйлөрдүн көрө албастыгына жана айлаларына алданбашы керек – аларга кам көрүү сыяктуу айтылып жаткан көп сөздөр чынында жолдон азгыруу, үй-бүлөнү бузуу, күйөөдөн ажыратуу, бактысына, токчулук жашоосуна, аман-эсендигине жана саламаттыгына көрө албастыктан улам чаң салуу максатында жаңырып жаткан болушу да толук ыктымал. Кээде эжелер сиңдилерге да өздөрү билбей көрө албастык кылышы мүмкүн – оору аштан, жоо туугандан. Бул жерде аял заты өз жашоосуна көз салып, аны азгырыкка салган сөздөрдүн туура же туура эместигин ой менен ажырата билиши зарыл: «үйүм бар; ырыскым мол; үстүм бүтүн; балдарым соо; күйөөм мээримдүү – демек, баары ордунда» дей алышы шарт, антпесе, ар кандай аялдын бүлүк жана көрө албастыктын курмандыгы болушу абдан оңой. Негизгиси, аялдын өзү көрө албас болуп калбашы керек. Айрым акмак аялдар бир эркекти сүйгөндөй болуп, аны үй-бүлөсүнөн, аялынан аң-сезимдүү түрдө ажыратып, ага тийип алууну пландашат. Мындайлар түздөн-түз аялдын өзүнө да рухий-акыл, сезимдик чабуулдарды уюштурушат. Булардан, жалпы эле мындай бүлүктөрдөн аман болуунун жолу – аял киши энеси, кайын энеси жана ушул сыяктуу ишенимдүү тууган аялдардан башка бөтөн аялдар менен мамиледен өзүн аң-сезимдүү түрдө сактай билиши. Миң эркектен жүз олуя чыкса, жүз миң аялдан бир олуя чыгат имиш; бирок ошол бир олуя аял жүз олуя эркектен артык турат экен. Таза аялдын буту баскан жердеги топурак жүз миң арам эркектен жогору турат экен. Таза жана туруктуу аялдардын алдында эркектер ар дайым моюн сунуп, таазим кылып турушат. Кайсы катардан, кайсы саптан орун алууну аялдардын өздөрү чечишет, өздөрү муну моюнга алышпаса, эркектердин сөзү аларга өтпөйт.

Акром МАЛИК

1 790жолу көрүлдү

Комментарийлер

    Башка макалалар

    ЖЕТИНЧИ БАП

    ЭР-АЯЛ Үчүнчү бөлүм Эрдин ахлагы Эркек үчүн эң биринчи маселе – эмне үчүн жашап жатканын чечип алуудан турат. Эгер бул маселе ишенимдүү жана бекем чечилбесе, кандай гана принцип…

    10 мүн.

    Баалуулуктарга берилген абалда жашоо оңой эмес. Адам өзүнө бир эрежени баалуулук катары тандап алса, аны бул…

    Башкалардын көз карашында бир кишинин жеткен марасы же жеңиши оңой келгендей сезилиши мүмкүн. Такыр андай эмес – анын артында күрөш жана азаптар бар, болгону аны биз көрбөйбүз.…

    2 мүн.

    ЖЕТИНЧИ БАП

    ЭР-АЯЛ Үчүнчү бөлүм Эрдин ахлагы Китептин алгачкы барактарынан баштап үй-бүлөнүн башчысы – эркек, эр киши деп кайра-кайра баса белгилеп келе жатабыз. Аялдарды түбөлүк эзилген деп…

    5 мүн.

    Сайтка кирүү

    Реакция калтыруу, комментарий жазуу жана жөндөөлөрдү сактоо үчүн кириңиз.

    Улантуу менен сиз колдонуучу келишимине жана купуялык саясатына макулдук бересиз.