Сүйүү
Сенин күндөрүңдө мен көрүнбөймүн,
Өзбек тилинен которулду · Түп нуска
Сенин күндөрүңдө мен көрүнбөймүн,Кезген гүлзарымдан таппайсың изим!Сенсиз ыйлабаймын, сенсиз күлбөймүн,Неге мээримсизсиң, эй, кийик көзүм?!Касиретимдин канына чөгүп кеттим,Айрылыгым – күндөй, чыгыш болуп кеттим.Күнүн жоготкон батыш болуп кеттим,Неге үн бербейсиң, эй, кийик көзүм?!Сенсиз көз ирмемдерди акылым тааныбайт,Сенсиз сезимдерди жүрөгүм тааныбайт,Мага зулум кылдың, майли, мени эмес –Адамдын баркын бил, эй, кийик көзүм!Сенден кечип кетким келет, не кылайын?!Сенден качып кетким келет, не кылайын?Бирок өзүмдөн качып кайда кетейин?!Неге укпайсың, эй, кийик көзүм?Күндүздөр карарат – анткени сен жоксуң,Кара түн тарылат – анткени сен жоксуң,Жүрөк сени сурайт – анткени сен жоксуң,Кабар бер өзүңдөн, эй, кийик көзүм!Эч колго түшпөйсүң кийиктей сен,Көкүрөгүмдү күйгүздүң «йа-ху»дай сен!Сени уудай ичкен белем мен?!Жанымды кыйнадың, эй, кийик көзүм!Дүйнөдө зар болуп жашап турганда,Сага жетпей турганда боздоом – бейтап,Өлсөм, рухум Сага сүйлөгүсү келетТүштөрүңө кирип, эй, кийик көзүм!Акром МАЛИК2023
Комментарийлер
Азырынча комментарий жок. Биринчи болуп пикир калтырыңыз.