Тил

Сүйүү

ТӨРТ САПТАР

Өзбек тилинен которулду · Түп нуска

Жүрөгүмдө сүйүү оту кызгылт,Рухумду күйгүзүп тазалайт күндөн-күнгө.Ышк шыгы деңиздей ташыган кездеАбдан тар экениңди көрөм, о, дүйнө!***Сүйүүмдүн сүрөтүн тартсаң десем,Сырымды бермет сымал тизсең десем,Ышктын казынасын кемеңе салып,Түбөлүктүк океанында сүзсөң десем…Сөздөр алсыздыкты мойнуна алып,Кирет башын ийип жалгыздык койнуна!..***Шайтанданбы же напстенби — жолдон көп аздым,Өзүмдү өкүнүч дарына астым.Тозок отун өчүрүү үчүнРаббим, сүйүүңдүн отуна качтым!***Кээде коркунучтун алдында өлдүм, жок болдум,Анан үмүттүн колунда кубанычка толдум.Үрөй чеңгелинде зар какшап, ананЫрахат өрөөнүндө жайнадым, күлдүм!..***Кайда жүрсөм — шайтан чуңкурун казды,Рахман «чуңкурду көр» деп чырак карматты.Бутумдан чалып жыкты күнөө,Хактын ырайымы колумдан кармап тургузду.***Мени күнөөсүз деп ойлобо, бир тууган,Бирок жанымдан жылба, бир тууган.Өзүңдөй каталуу экенимди бил,Сынык тообомдон күлбө, бир тууган.***Ар күнү түрдүү ката кылам,Катаны азапка улайм.Күнөө түтүнү менен булганып кеткенде,Түндө көз жаш менен гусул кылам…***Кудайым, жүрөгүмдү азаптан куткар,Дүйнө деп аталган сагымдан куткар.Качан ойгоном! Жардам бер, Раббим,Гапылат, кумар аттуу бул уйкудан куткар!..***Ушунчалык тар экен бул асман, бул жер!Такыбалык үчүн гана тер төкпөйсүңбү?!Менде күч да жок, касиет да, кубат да,Кудайым, өмүрүмө берекеңди бер!Акром МАЛИК

7 070жолу көрүлдү

Комментарийлер

    Башка ырлар

    АШЫКТАРГА

    Сүйдүңбү, күйүүгө ыраазы бол да, сүй, Өзүңдөн танууга ыраазы бол да, сүй.

    Сүйүү

    Сайтка кирүү

    Реакция калтыруу, комментарий жазуу жана жөндөөлөрдү сактоо үчүн кириңиз.

    Улантуу менен сиз колдонуучу келишимине жана купуялык саясатына макулдук бересиз.