Ыйман
Сөздүктү жаттап үйрөнсө болот,
Өзбек тилинен которулду · Түп нуска
1Сөздүктү жаттап үйрөнсө болот,Жаттаса, жатталат эрежелер.Бирок окууларда хикматты таппайм,Ал эми пайдалар – хикматта.Кайрымдуулук сабагын кайсы жогорку окуу жайыЖе кайсы мектеп берет, эй, дос?Вафага үйрөтүп, жүрөккө «тилектешБол» деп ким ыйбаа таратат, дос?Кана эми, окусак талапкер болупМээрим жөнүндөгү окуу китептерин.Инсап менен ыйманда кандай сырларБолсо, билсек жарык жолдорун.Бирок муну окутуу мүмкүн эмес, ошондонМектепте бул тууралуу сабак өтүлбөйт.Бирок рухуңда ушундан суроо бар,Рухка мындан башка гүл тутулбайт.Башкача айтканда, рухуң шат болушу үчүнАга ыйбаа деген гүлдөрдү бер.Ашыктар тынч көз жумушу үчүнКөзүнө вафадан нурларды бер.2Теңирим, сага сансыз мактоо, даңктар,мен Сенин кулуңмун, Кожоюнум – Өзүң.Ааламда денемди кармап турган жалгызСенин рахматка толгон илахий Сөзүң.Кул кожоюнун сүйсө, баш ийет,Күнөө талааларынан алыс болот.Сүйгөн сүйүктүүсүнөн эмнени күтсө да,Баарын таттуу билет, айрылууда болсо да.Сүйгөн сүйүктүүсүнө окшошууну каалайт,Сүйгөн сүйүктүүсүн ар дайым ээрчийт.Төшүн күйгүзүп зар-ахтар,Сүйүктүүсүнүн эскерүүсүн сырдаш көрөт.Сен жакшылык кылуучу Затсың, Кудайым,Бирок эч кимден жооп күтпөйсүң.Жүрөктөргө дайым мээрим түшүрдүң,Пенденин мээримине муктаж болбодуң.Сага баш ийбестен күнөөкөр наадандарЭмнени айта алса, айтты да кылды.Сен болсо вахийден үндөрдү жибердиң –Адашкандардын үстүнө мээрим жаады.Теңирим, Өзүң мени тарбияла –Жакшылык күтпөстөн жакшылык кылайын.Мээримди затыма касиет кыл,Мээримге тамаакөй болбоюн, күлөйүн.Башыма толугу менен зулум жааса да,Жаныма ачуу азап жетсе да,Жүзүмдө жылмаюу түрдүү гүл ачып,Зулумкорума мээрим тартуулай алсам!Анткени Сен Рахмансың, Сен – Салам,Сен токтоолуктун ээси, Сабурсуң, шексиз.Сенин рахматың – илахий калаам,Ааламды жарыткан ан-Нурсуң, шексиз.Каххарсың, каарыңдан коркомун, Теңирим,Ачууңдун алдында таптакыр коркомун.Напсим үчүн эч кимге каарымды көрсөтпөй,Өзүң жалгыз Падыша, Өзүң жалгыз Хак!Ааламды мээримге, нурга толтурсам,Мээрим көчөттөрүн эксем түнү-күнү.Эркиңдин алдында башым ийилген,Балким, мээримиңе бир күнү жетермин…Балким, сага ашык кулдардын катарында,Балким, сага баш ийген пенделер ичинде«Кел» десе сүйүүнүн түбөлүк жазы,Кереметиңе чөксөм таңдануудан калтырап…Акром МАЛИК
Комментарийлер
Азырынча комментарий жок. Биринчи болуп пикир калтырыңыз.