Тил

Жашоо

Дүйнө ээлеринен эч качан дос чыкпайт,

Өзбек тилинен которулду · Түп нуска

Дүйнө ээлеринен эч качан дос чыкпайт,Дос үчүн эч машакат тарта албайт.Дос үчүн ырахат деңизинен өтө албайт,Алар жакшы күндөрдүн гана досу!Дос себептүү жанына бир азап жетсе,Унутат вафа эмне, берилгендик эмне.Өмүрүңдө жайнаса жай, көктөм, жаз,Жаныңда от чачат «сүйүү ээлери».Күз келип, кыштан бир дем жетсе,Күзгү жалбырактай баары жоголот.Колуңдан кармаганга бир кол табылбайт,Эгер күтүлбөгөн жерден тайгаланып жыгылсаң.Дос ким? Эгер сенде бир оору,Бир азап бар экенин капыстан сезсе;(Чындыгында, дос деген абалыңдан, билгин,Айтпасаң да дайым кабардар болот!Дартыңды дастан кылып айтканга чейин,Көзүңдөн кандуу жаш акканга чейин,Сенден бейкапар болгон кишини эч качанДос деп атаганың ката, тууганым!)Кыскасы, «доспун» деген сенде бир оору,Бир азап бар экенин сезип калса,Тынчтыкты, ырахатты таптакыр унутат,Дартыңа, ооруңа дары тапканча.Түндү таңга улайт, күндөрдү кечке,Бирок тыным билбейт, чуркайт, желет.Сенин кыйынчылыгыңды чечкенчеТоо-чөлдөрдү айланып келет.Сенин азабыңдан кайгы тартат,Сенин кайгың менен дем алат.Сенин ооруң аны уктатпайт,Сенсиз бул ааламды капас көрөт.Сенин шаттыгың үчүн күлүп кан жутат,Сенин ден соолугуң үчүн жанын курман кылат.Жүзүңдү көрүп бактылуу болуп,Маегиңден, унчукпаганыңдан эч качан баш тартпайт.Эгер «доспун» дегендер мындай болбосо,Достук – наристелерге мүнөздүү бир эрмек.Көтөрүңкү сүйлөп төш кергендерЖөн гана сөз менен учушат.Өзүң да достукту түшүнбөсөң,Жалганчы сезимге, кумарга алданба.Көңүл күзгүсүн таза кармай албасаң,«Дос» деп шыбырап, эч кимди кучактаба.Достук – баатыр эрлер үчүн майдан,Жеңил ойлуу өспүрүмдөрдүн оюн аянты эмес.Достук бир китеп – сырларга толгон,Жасалма ашыктардын ах-вахы эмес.Дүйнө чынжыр салып сүйрөгөн кишилерКантип дос болсун, эй, адамзат!Эркиндигин ырахатка саткан наадандарВафанын имаратын кура албайт!Акром МАЛИК

3 810жолу көрүлдү

Комментарийлер

    Башка ырлар

    Сайтка кирүү

    Реакция калтыруу, комментарий жазуу жана жөндөөлөрдү сактоо үчүн кириңиз.

    Улантуу менен сиз колдонуучу келишимине жана купуялык саясатына макулдук бересиз.