Жашоо
Бинапша жамгырда калгандай
Өзбек тилинен которулду · Түп нуска
Бинапша жамгырда калгандайБашым жааган таштар астында калды.Азирейил жандарды алгандайКайгы жүрөктөн кубаныч нурун алды.Мүсибат дарагы өстү бийиктеп,Көлөкөсүнөн анын чыга албай калдым.Түңүлүү кошуну деңиздей толкундуу –Жеңе албадым аны, жыга албай калдым.Ах-зар менен ар жааган таштыКолго алып акырын көз салдым.Көзүмдөн тыя албай оттой жашты,Эсимден ажырадым, аттиң, сактасын.Мүсибат дарагынын тамырын чаап,Түбүнөн кургатууга ант бердим.Тамырга карадым да, жүзүмдү жаап,Зар менен айттым: «Чын эле бакыт жокпу!»Көз алдымда коркунучтуу сырлар ачылганда,Өкүнүчтү жашыруу мүмкүн эмес го:Жааган таштар өзүм ыргыткан таш экен,Өскөн дарак өзүм тиккен көчөт го!..Акром МАЛИК
Комментарийлер
Азырынча комментарий жок. Биринчи болуп пикир калтырыңыз.