Ыйман
Ибадатта ышк жок, сезим жок, Кудайым,
Өзбек тилинен которулду · Түп нуска
Ибадатта ышк жок, сезим жок, Кудайым,Көңүлдө коркуу деген жыт жок, Кудайым,Истигфардын изинен из жок, Кудайым,Кандай кулуң болдум, абалымдан таң калам,Таштай көзүм менен жансыз, алсызмын…Өмүрүм чөлүндө такыбалык да таппадым,Амал кылайын десем, фатва да таппадым,Өзүмдү оңолгус, дабасыз таптым,Өлсөм, эмне пайда, акыры, азыр да өлүкмүн,Али тирилбеген дартка көмүлгөнмүн.Сөздөрүм таштай башымды басты,Таштар дубалдай башымдан ашты,Козголоң мас кылды, савдам ташыды,Өтү күйгүзгөн савдайымын,Өз нефсинин ашыгы – шайдасымын.Бир да ишим жок, ката болбогон,Ката дедим, чынында, өзүм кабылган!Шайтан шакиртликке жарабайт атүгүл,Айлам тузагын токуган өзүм,Амал китебин окуган өзүм.Дилге өкүнүчтөн шарбат эзбедим,Тообо өрөөндөрүн азыр да кезбедим,Кесилдим, бирок Сенден үмүт үзбөдүм,Ырайым аркаңын кеспе, Раббана,Шайтан тузагына аспа, Раббана.Сага оңой – ачсаң ачылыш эшиктерин,Көрсөтсөң иштердин жакшы, соогун.Жыйнасаң тегерегиме Сен Хак досторун,Балким, Хак элинин ити болсом,Алардын изинен жоголуп өлсөм…Балээ жибербегин, балээдемин го,Сарсан рухум менен сүргүндөмүн го,Өз жүрөгүмдүн өзүм жаллатымын го,Сенден гана куткарылуу күтөмүн, Теңирим,Өлүк денеге өмүр күтөмүн, Теңирим!..Акром МАЛИК
Комментарийлер
Азырынча комментарий жок. Биринчи болуп пикир калтырыңыз.