Тил

Ыйман

Бир ыймандуу өмүрдүн чытырманында

Өзбек тилинен которулду · Түп нуска

Бир ыймандуу өмүрдүн чытырманындаУзак убакыт адашып, тентип жүрдү.Мүсибаттын кайгы, азабынан коркуп,Шаттык шарбатынан ичти суусап.Көрдү: мүсибат түбөлүк эмес,Кубаныч чөйчөгүнүн түбү ачуу.Ар кандай бак-бостон жайнаган жердинБеткабы – жалбырак, чынында – таштак.Өзүнүн кемчилиги үчүн ойлонуп,Нефсинин илдетин билди чоң себеп.Бир олуянын жанына, бир күн чечти,Барууну өз дартына бир айла сурап.Ийилип устаттын алдында алсыз,Айтты тилине келген сөздү:«Сизге айтсам, менде бар кичине суроо,Илимиңизден кабардар кылыңыз карапайымды.Нефс кандай жаратылыш, эмне үчүн ал жаман?Эмне үчүн аны жемелөө керек?!Нефске тиешелүү экен ар кандай чектен ашуу,Мүмкүн эмеспи андан аман калуу?!»Көзүн жерден албай кемел устат,Суроочуга дароо кайрылды:«Суроо кичине эмес, эй издөөчү, азыр,Сени басып алган ачуу кыйноо.Жыйнап келсең эгер нефстин сыпатын,Эки түр болот баары акыры.Нефске байланышкан ар иштин тегинУшул эки түрдөн чыкпайт, акыры.Нефстин бир сыпаты – ал ач көз,Тоюу эмне экенин билбеген айбан.Кандай ырахат көрсө, барын берет ал,Пайда алса, болду, аалам – гүлстан.Дагы бир сыпаты – текебердик, аттиң,Шайтандай «баарынан жакшымын» дейт ал.Ааламды такта десек, ошол тактанын шексиз«Эң кооз, сулуу оймосумун» дейт ал.Баарын өзүнөн пас, кор көрөт,Кылдай насаатка чыдабайт.Өзүн тактарга татыктуу көрөт,Улуу даражаларды гана каалайт.Ач көздүк – кордуктун далили болду,Текебердик – тозоктун так өзү.Көз сал, ойлон, бул кандай абал болду –Текебердиктен сокур болгон адамдын көзү.«Менде айып жок» деп табат шылтоо,Хакка каалабайт моюн ийүүнү.Урмат көрсө, болду, улуу, шаанадай,Ар нерсени түшүнөт куурчак, оюн деп.Балким, кечирүүнүн бардыр айласыАч көздүк, шаһватка кабылгандарды.Бирок кечирүүнүн жок мүмкүнчүлүгүИчиңде жасаганың – буттарды, кудайларды».Акром МАЛИК

3 150жолу көрүлдү

Комментарийлер

    Башка ырлар

    Сайтка кирүү

    Реакция калтыруу, комментарий жазуу жана жөндөөлөрдү сактоо үчүн кириңиз.

    Улантуу менен сиз колдонуучу келишимине жана купуялык саясатына макулдук бересиз.