Мекен
ТЕМУР ТУЗУКТАРЫ МАНЗУМАСЫ
Өзбек тилинен которулду · Түп нуска
1ХамдАаламдын падышасы Өзүңсүң, Алла,Кыямат күнүндө чексиз Өкүмдар.Сенден тилейбиз дайыма пана,Сенден башка биздин кимибиз бар?!Хак – Сенин өкүмүң, мүлк – Сенин мүлкүң,Сага баш ийет шаа да, тиленчи да.Моюн толгогондун тагдыры ушул:Кордук, коркунуч, ах, ой-боюлар.Сен кимге кааласаң, бердиң салтанат,Кааласаң, ар кимдин колунан алдың.Адам талап кылса таж-так, дөөлөт,Аны сандалуу талаасына салдың.Таж, так, дөөлөт Сенин алдыңдаАдамдын ардагы, урматы эмес.Ибадат, такыбалыкты улуу деп жаздың,Мунусуз эч кимге урмат келбейт.Сага такыба болгон, Сени сүйгөндөрДүйнө шааларынан артык.Бутуңа ийилип, ыйлап келгендерСүйүү жамынан ичишкен азалда.Затыңа ант, эй Ыйык Падыша,Дүйнө салтанатынын баасы жок.Сени сүйүп жашын төккөн ар бир көзЭки ааламда ардактуу экени чын.Чынында, Жер жүзүнүн султандары –Адилет туусун кармагандар.Алар – мээримдин коргондору,Жапа чеккендин ахына жеткендер.Падышаларга бердиң өкүм, буйрукту –Адилет үйүн гүлдөтсүн деп.Ырайым нуру менен бүт дүйнөнүЖарытып, элге тартууласын куткарылуу.Ким бул иштерди аткарса,Берекеге толгон мүмкүнчүлүктөр бердиң.Падыша болуп туруп, өкүмүңө тиленчи болсо,Ага кудурет менен жакындык бердиң.Жерде адамзат жашаганы бери,Күч-кубатта улуу шааларды көрдү.Бирок ар биринин акырында, аттиң,Өкүнүчкө толгон ахтарды көрдү.Бир алсыз пендеге таж ыроолоп,Так менен кудуретке жеткирген Өзүң.Акыры алсыз, кор, тиленчи кылып,Чексиз салтанатыңды билдирген Өзүң.Кудайым, биз Сенден сураган жокпуз таж-так,Салтанат ышкына кабылтпа.Сага кул болууга ант бергенбиз,Бизге сүйүүңдү бер, антка бекемдик бер.Өзүңө баш ийдир, нефстен жеңүүчү кыл,Шайтан менен күрөштө бергин жеңиш.Бир күнү чыкканда рух бул капастан,Акырет жолубузду коркунучсуз кыл!Көрүбүздү нурга толтургун,Азаптарды бизден алыс кылгын.Өзүң абалыбызды жакшы билесиң –Кыяматта жүзүбүздү ак кыл!..Акром МАЛИК
Комментарийлер
Азырынча комментарий жок. Биринчи болуп пикир калтырыңыз.