Тил

Ыйман

Күнөө кылган ыймандуу бекер ах урбайт,

Өзбек тилинен которулду · Түп нуска

Күнөө кылган ыймандуу бекер ах урбайт,Анткени «ах» бар «күнөө» деген сөздө.Күнөө көңүлгө тикенден башка эч нерсе экпейт,Ошол себептен жашы бар күнөөкөрдүн көзүнүн.Күнөөнүн үч түрүн сыпаттайын,Анткени, жолдошуңду билгениң жакшы.Жарым өмүрүңдү ага сарптапсың,Жарымы өкүнүчкө болот тартуу.Күнөөнүн алгачкы түрү көздөн жашынган,Атүгүл өзүң андан бейкабар болосуң.Андан соң өзүң билген же атайын кылганКүнөө – ал иштен азаптар пайда болот.Андан соң эл-журтка ачык күнөөң,Жакшы-жаман андан бирдей кабардар.Бул күнөө менен атүгүл атың аталып,Тагы тагдырыңа коркунуч келтирет.Сага бул илимди кыскача айттым,Эми толугунан сөз ачайын бир аз:Терең бил, чынында абал мындай –Күнөө – бир дарак, зор, бийик.Бул дарактын тамыры – жашыруун күнөө,Сөңгөгү – өзүңө аян кылганың.Миң жолу «дат» болсун, жүз миң жолу «ах»,Жемиши – ал иштин ачыкка чыгышы.Жашыруун күнөө – кайдыгерлик, шаһват,Текебердик, эки жүздүүлүк – анын барлыгы.Көздөрүң сокур болуп, ойлойсуң гана –«Менде адамзаттын улуулугу бар».Эч кимди көзгө илбейсиң эч качан,Ар кимди өзүңдөн эсептейсиң пас.Кор, байкуштардан ардактуу болдум деп,Өзүңдү билесиң баарынан чапчаң.Чын сөзгө бир заматка да чыдабайсың,Эч кимден көрбөйсүң береке, пазилетти.Мактооңо бийик берилгендик көрсөтүп,Көздөйсүң алкышка толгон конушту.Ушунчалык кайдыгерликке батасың терең,Өз абалың өзүңө таптакыр көрүнбөйт.Саздын даамынан ырахат алып,Денең куткарылууга кылдай да умтулбайт.Ошондо эркиң кетет үнсүз, жымжырт,Удаа-удаа күнөөлөр кыласың.Бирок ал күнөөнү билбейт эч ким,Жана кайтайын дейсиң, бирок кудуретиң жок.Ар жолу абийириң тартат кыйноо,Ар жолу күнөөдөн кыласың тообо.Бирок күн өтөт, абалың кыйраган,Күнөөгө батасың себептүү-себепсиз.Бирок ичиң менен болбойт ишиң,Дагы тилден кетпейт ушак, бузукулук.Улам көбөйүп жаман кылганың,Эми эл-журтка ачыкка чыгат, дат.Ошол себептен эң оболу өкүнӨзүң да билбеген күнөөң үчүн.Ар күнү өзүңө жап-жалгыз келгин,Ойлон – эмне дедиң, эмне кылдың бүгүн.Дайыма аракет кыл кабардар болуугаӨз абалыңдан, жагдайыңдан, ысыгыңдан.Жыгылбагын өзүң казган кудукка,Ажырап аң-сезим, зиректигиңден.Эгер алсыз болсоң бул ишке, анткениАр ким өзүнө жалгыз келе албайт,Бир муршиддин даргасын мекен кыл,Өзүңдү тапшыргын ага тизе бүгүп.Балким, Кудай сага ырайым кылып,Балким, жетип калса пирлерден назар.Балким, ачылса хидаят жолу,Балким, азайса жолуңда коркунуч.Раббим, бар абалым Өзүңө аян,Кандай акылым кетип, учур болду –Уялбай бул сөздөрдү баян кылдым,Күнөөдөн сүйлөөгө батынып алыптырмын.Кечир бул батынганымды, кечир, Кудайым,Өзүн аңдабаган кулуңмун.Ырайымыңдын багынан берсең жайымды,Майли, ошол бакта болсом бир ууч топурак...Акром МАЛИК

2 950жолу көрүлдү

Комментарийлер

    Башка ырлар

    Сайтка кирүү

    Реакция калтыруу, комментарий жазуу жана жөндөөлөрдү сактоо үчүн кириңиз.

    Улантуу менен сиз колдонуучу келишимине жана купуялык саясатына макулдук бересиз.