Жашоо
Кыйгач ачылганда ачуу өмүрдүн
Өзбек тилинен которулду · Түп нуска
Кыйгач ачылганда ачуу өмүрдүнБолоттон жасалган оор эшиги,Бир өспүрүм угуп салмактуу зарды,Дилинде термелди коркуу бешиги.Жашы улуу адамдан сурады ошон үчүн:«Мага кабар бериңиз, эй урматтуу адам!Өмүрдүн салмагын сездим бүгүн,Жүрөгүмдө ойгонду тынчсыздык ушундай.Эмне кылсам, азабым азыраак болот,Эмне кылсам, катадан турам алыс?!Эмне кылсам, туугандарымдын жүзү күлөт,Жана кармай албайт ар түрдүү шайтан тузагы?!»Кыска жооп берди улуу карыя:«Бул үчүн чоңоюу керек, балам».Жигиттин жүрөгү арманга күйүп,Деди: «Чоңоюу деген эмне! Айтыңызчы, ата!»«Эң оболу сактагын айбаттуу кебетеңди,Ар бир сөзүң үчүн болсун тараза.Ошондо обалга кетпейт баалуу сөзүң,Жакшы дайыма сөздүн азы.Ошондо чоңоюуга коёсуң кадам,Ачылат айбаттын босоголору.Жана болууну кааласаң чын чоң адам,Ук насааттын бермет данектерин.Башкача айтканда, кимдир сайса дилиңе канжар,Кимдир таштап кетсе даргаңды капыстан;Так эле сен өлгөндөй абалыңдыСурабаса бир күнү эң жан досуң;Ичиң сөздөргө толуп кетсе да,Ачыкка чыгарууну кааласаң да,Сага караган кара көздөргө карап,Жөн гана, тагдырды тамаша кылып,Үнүң арыз менен чыкпаса таптакыр,Атүгүл жылмаюуну колдон чыгарбасаң,Эми чоңойгонуң куттуу болсун,Эми чоң адам аталасың, кулунум».Акром МАЛИК
Комментарийлер
Азырынча комментарий жок. Биринчи болуп пикир калтырыңыз.