Сүйүү
Бийик тоого чыкмайынча билип болбойт
Өзбек тилинен которулду · Түп нуска
Бийик тоого чыкмайынча билип болбойтБул ааламдын кеңдигин, айбатын.Сыраттан өтмөйүнчө күлүп болбойт,Көрмөйүнчө бейиштердин гүлзарын.Жүрөккө ышк жебеси кадалмайынча,Өмүрдүн даамы адамзатка бөтөн.Ышк талаасында мажнун деп аталбаса,Адамдын денеси руху үчүн уранды.Ашык болгон чыдабай айрылык отуна,Акыл-эсин жоготпосо, эсеп эмес.Эркин тапшырбаса рух – тотусуна,Түндөр кан-кан ыйлабаса, азап эмес.Тиленчи болуп сүйгөнүнүн эшигинеБарып иттей кордук көрүп куулбаса;Жатып дарттын табыттай бешигине,Көздөн аккан жашы менен жуулбаса;Жары анын кыйноосун түшүнбөсө,Зулум кылса токтобостон жан оорутуп;Ах-зар тартса, такыр укпаса,Кийиндирсе жемеден ок жаадырып;Жана сүйүктүүсү мүсибатта калса капыстан,Жанын берсе куткаруу үчүн ошол замат;Эй, ышк ээлери, кулак салгыла, кабардар болгула,Бул ышк үчүн жазылса болот ыр, дастан.Анткени, муну ышк десе, ылайыктуу,Ашык деген атка арзыйт ал жанын курман кылган.Ким сүйүү көчөсүнө кадам басыптыр,Ага куттуу болсун эми кайгылуу өмүр.Эй, «сүйдүм» деп кылдай дартка чыдабаган,Сүйгөнүңдү мүсибатта таштап кеткен киши!Нефс аталган зынданынан чыга албаган,Ышк – сендей наристелердин иши эмес!Акром МАЛИК
Комментарийлер
Азырынча комментарий жок. Биринчи болуп пикир калтырыңыз.