Жашоо
Көбүнчө селт этип кетем капыстан,
Өзбек тилинен которулду · Түп нуска
Көбүнчө селт этип кетем капыстан,Бүт денемде ойнойт калтырак.Эшик тыкылдайт, тыкылдатат каскөй,Издеймин ичимден жагууга чырак.Эшиктин артында турган ал адамдынАтүгүл ким экенин билгим келбейт.Канча түстүү болсо да, бирок өмүрдүнТикенектүү багында күлгүм келбейт.Эшик артындагы адамдан коркомун,Алып кетүү үчүн келгендей гүйө.Күзгүдө өзүмө өзүм карайм,Кандай түссүзсүң, эй боз дүйнө!Жүрөгүм жараланган – агат каны,Нефсим пастыктан айтат аңгеме.Ташып оорулуу рухтун ах-зары,Кээде сапарына издейт аяк.Сүйдүм сулууларды кор, чөп болуп,Баары бирден кетет, жүрөк – кербен сарай.Ичкериси зарга толуп кетти,Бирок меймандарга бар дайыма жай.Келип кеткендер көп, бирок эч бир адамКөрбөйт дарт-азаптын чийки затын.Үй ээси берешен, туруктуулуктун ээси,Көрсөтпөйт эч кимге муңун-зарын.Буттун асты болсо бул бечара киши,Ар өткөн, албетте, өтсө тепкилеп;Балким, жакшылык ушул, ажап эмес,Тагдыр аны ар күнү электен өткөрсө.Майли, шөкөттөр, майли, учкандар,Майли, сыр ачууга чыдабагандар.Дүйнөнү эркелетип, сүйүп кучактагандар,Бир күн көзүңүздү сугарсын көз жаш.Анткени какырап калган көздөн кайыр жок,Ал такыр жарытпайт көңүлдүн үйүн.Силерге бир чекиттен башка сейил жок,Бирок жүрөгүңөр бир күн кан болсун.Ошондо көзүңүзгө көрүнөт өмүр,Ошондо угасыз эшиктен так-так.Кеткиңиз келбей, ах уруп, зар какшап,Бирок калгыңыз да келбейт такыр.Акром МАЛИК
Комментарийлер
Азырынча комментарий жок. Биринчи болуп пикир калтырыңыз.