Тил

Жашоо

Көп жолу сен тарапка жүз бурдум,

Өзбек тилинен которулду · Түп нуска

***Көп жолу сен тарапка жүз бурдум,Жаныңда ар көз ирмем муракабада болдум.Жарадар куштай ыңкылдачу рух,Эстеп сенден көргөн канча мээримди.Балким, кебетем көзүңө түшүп,Жүрөгүң караргандыр, эмне кылайын, айлам жок...Бирок жаныңа көчүп барганымда,Акырындап агарганым чындык да.Балким, тообосуз, жакыр жүргөнүмдөнСага азап жеткендир чексиз, сансыз.Нефс тузак коюп, ибилис кас кылса,Эмне кылам, келбесе илахий жардам?!Балким, адамдарга ушунчалык байландым,Атүгүл тамыр жайды бул сүйүү терең.Алардан кестиң, атүгүл кан агып,Атүгүл өзүн жоготту аң-сезим.Мени ар тараптан чынжыр байлаган,Уча албай тартчу рухум ах, арман.Сенин бардык ишиң – сыр, сыр, дагы сыр,Ичимде азапты курдуң сен.Бир канча кишен сынды, балким,Балким, көздөн алынды бир парда.Чакырсаң, барууга таба албайт дарманЭчак өлгөн кепинсиз өлүк.Эми адамдардан алыс ал дене,Кыялына кирген ар кимди өрттөдү.Жүктөн капыстан кутулгандан кийин,Эми өз абалына аянып карады.Сага жүз бурамын ар күнү кайра,Көзүмдө нурга толгон барлыгың аян.Кордук бурчунда туруктуу орношуп,Жакырлык көчөсүндө пайда болдум.Берсең бир теңге – тиленчимин, акыры,Кууп салсаң иттей, шаасың – жарашат.Алыс-алыстарда улуп жүргөнИтиң, сөөк ыргытсаң, аны талашат.Майли, сөөк бербе, учук болуп бир күн,Таштап кетемин ааламды үнсүз.Өмүр өтсө да дили канга толуп,Жашаган болом кишенсиз, капассыз.Акром МАЛИК

3 710жолу көрүлдү

Комментарийлер

    Башка ырлар

    Сайтка кирүү

    Реакция калтыруу, комментарий жазуу жана жөндөөлөрдү сактоо үчүн кириңиз.

    Улантуу менен сиз колдонуучу келишимине жана купуялык саясатына макулдук бересиз.