Сабыр
Кубатсыз, алсыз бечара пендеге
Өзбек тилинен которулду · Түп нуска
Кубатсыз, алсыз бечара пендегеЖалаа ташын ыргытты бузук адам.Ал шордуу чыдай албай ар-уятка,Узак убакыт ыйлады бул зулум үчүн.Душман же чыккынчылар адатта, дайым,Канжар сайыш үчүн аңдып жатат учур.Достор да толугу менен душманга айланып,Эшикти жабышты кордоп удаа-удаа.Жапа чеккен кан ыйлады жаны чыккыдай,Атүгүл жашоо үчүн издеди айла.Ажалдан ачуураак тоодой кайгыданБалким, жүрөгү болду быт-чыт.Кудайга жүз бурду: «Тообо кылдым,Тообомду кабыл ал, Өзүң, Кудайым!..Жалаа таштарына мүдүрүлдүм,Албетте, буга себеп – күнөөм, катам…Жалаа жапкан кишиге кандай сөзүм бар?..Ырайымыңа, Раббим, тапшырдым.Өзүң бол ар дайым дос, жардамчы,Тамагыма батпай калды арман, зар.Жакшы болду, жалаага бута болдум –Кылбаган ишимди «кылды» дешти.Таштан болсун, Теңирим, бул шор пешене,Досторум тирүүлөй жеп салышты.Чынында, күнөөлөрдү жашыруун кылып,Суу бетинде алмадай калкып жүргөндөн,Ачык жалаа менен уламыш болуп,Мынчалык боздоо жакшыраак, балким».Акром МАЛИК
Комментарийлер
Азырынча комментарий жок. Биринчи болуп пикир калтырыңыз.