Тил

Даанышмандык

Эй, жаштар! Эй, бой көтөргөн жандар,

Өзбек тилинен которулду · Түп нуска

Эй, жаштар! Эй, бой көтөргөн жандар,Эй, ачуу-таттуу эмне – али татпаган!«Далымда бар» деп канаттар,Төшүнө тикендер, мизлер батпаган!Али кайгы эмне – кабарыңар жок,Али жоготуунун билбейсиңер даамын.Али жутпагансыңар бир кесим чок,Силерди тагдыр ден соолук менен камсыз кылган.Ошол себептен, силерге суу менен абадай,Дене, денедеги жандай зарыл насаат.Али көрө элек рухуңар коркунучту,Балким, көйгөй – көп уйку гана.Билгиле, бул ааламда куулар көп,Көзү күлүп, ичи кирге толгондор.Ошол себептен бир устат табуу керек,Ал устат бар болсо, келбейт балээлер.Анткени ал колуңа калкан карматып,Үйрөтөт өзүңдү коргоону.Ошол себептен согуштардан чыгасың аман,Жеңиштер башыңа көлөкө салат.Анткени ал колуңа карта берет –Өмүрдүн кай жери жар же саз!Баарын билдирип, жолду жарытаБарат караңгыда чырак сыңары.Эми элестетип көр – Кудайы КаримСага көрсөттү күтүүсүз ырайым,Толду өмүрүңдө эмне болсо жарым,Устат буюрду, таптың хидаят!Көрдүң – кандай адам, кандай тунук,Кандай дарты бар, кандай жүрөгү бар!Сага мээримин берип, баа жеткис көрүп,Сүйүү, мээрим чачты сага.Короого карышкыр аралап киргендей,Бирок жүрөккө аралап кирсе бир шайтан!Бирок ал шайтаның бербейт эч сыр,Анткени кейпи – зыянсыз адам!Бүлүк отун жагат бир четте –Токуп таратат ар түрдүү ушак.Бүтүндөй шаар бою от кеткенде,Көтөрөт эң бийик чуу-чатак.Билип сен канчалык чийки, жаш экениңди,Чындыгыңа ачык кастык көрсөтөт:Майлуу тили менен көзүңдү сокур кылып,Башкача айтканда, устатыңа ылай чаптайт.Эң оболу жүрөгүңө шек салат,Чын ыкласты коркунучтуу сүрөттөйт.Атүгүл көз жаш менен ах-вах уруп,Сулуу ниетти «шайтандан» деп айтат.Сен болсо тузакка түшөсүң оңой,Ичиңди күйгүзүп гүйө арман!Дейсиң: «Жол көрсөтүңүз Хак тарапка,Сиз Хактын кулусуз, эй Рахмандын досу!»Ал болсо ортону толук булгап,Бүлүк отуна шамал берет.Баарын өрттөп, күл кылып коюп,Анан кайкалап-жайнап эркин күлмөкчү.Бирок билбейт, ал шайтандын кулу,Илахий адилет дайым туруктуу:Алыска бара албайт шаттанып, күлүп,Бүлүк аны эң оболу өрттөйт, толук.Сен да бул отто күйгүзөсүң дилди,Сен да жоготосуң чоң байлыкты –Сага устат болгон ал сынык көңүлСага мындан ары дагы көлөкө болобу?!Эй, нанын «нанна» деген балакай,Аттиң, көлчүктөрдү деңиз деп түшүндүң.Болдуң шайтандардын оңой олжосу,Кайсы кайырмактарга илиндиң, кеттиң?!Аңдай албайсың, балким, дароо,Колуңдан эмнени тартып алышты!Көрөсүң бир күнү: дене күл болгондо,Аттиң, сени кандай отко салышты!Ошол себептен, эй бала, сак бол дайым,Адашып шайтанга шерик болуп калба.Ибилис жакканда бүлүк отун,Очогуна жөнөкөй кыш болуп калба!Ошол себептен, ар кимди шашып, чуркапӨзүңө жол башчы, устат тутпагын.Устат деп айттыңбы, кийин жүз буруп,Шайтан тарапка иттей чуркап кетпегин!Акром МАЛИК

3 730жолу көрүлдү

Комментарийлер

    Башка ырлар

    Сайтка кирүү

    Реакция калтыруу, комментарий жазуу жана жөндөөлөрдү сактоо үчүн кириңиз.

    Улантуу менен сиз колдонуучу келишимине жана купуялык саясатына макулдук бересиз.