Тил

Ыйман

«Канча өмүрүң бар?» деп өзүмө суроо бердим,

Өзбек тилинен которулду · Түп нуска

«Канча өмүрүң бар?» деп өзүмө суроо бердим,Болжол айтууну акылыма мүмкүн эмес билдим.«Ойгон» деп денемди түрттүм, кана, көз ачса,Жүрөгүм «Хак дос, Ху» деп ар көз ирмем сөз ачса!..Качан карасам абалыма, таптым кайдыгерлик кудугунан,Ойгонгондой селт этип, калтырап калат кээде…Жылаңайлак, жылаңтөш тикенектен жүрөм мен,Сансыз тикенди таманымдан терем мен.Аман-эсен өтүүнү машакат деп ойлодум,Дилде кектин уругун сактоону оор билдим.Эй, бизди ката түшүнүп, туура эмес аңдагандар,Кайгы тартсак же сүйүнгөн, же күйүнгөн адамдар!Билипби, билбейби, жеткирдиңиз азаптар,Кубаныч өлүгүн жеди «кайгы» деген мазарлар.Сизден өткөн эмне болсо, кечирим сураңыз же сурабаңыз,Бирок мен жедим, жетет, силер такыр кайгы жебеңиз.Баарыңызга акымды адал кылдым, аш болсун,Ушагыңыз, арманыңыз колдон кеткен таш болсун.Үмүтүм бар: кимдир, башкача айтканда, мен оорутткандар,Ачуу сөзүм, катам көңүлүн муздаткандарМага да садага кылса кечирим, мээримин,Кудайымдан сурасак, бизге ырайымын!..Кудайымдын бул абалдан берешендик деңизи ташыса,Кечиримдин толкундары жети асмандан ашса!Бизге да бир кылы тийип кетсе, эмне ажап,Ушундай үмүттө дилге эмне керек азап сайып?!Алсыз, кубатсызбыз, оорулуу, майыппыз,Бир оору келсе капыстан, шыпага зарыгабыз.Өзүбүздөй пендеге таарыныч сактоо эмне?Раббимдин мээрими бардык нерседен кеңири!Кудайым, жүрөгүбүздү бейишиңдей кең кыл,Бизди тообокер пенделер катарында тең кыл.Биз болдук жаныбызга залым, жапакеч,Өзүң ырайым тамчысын биз кулдарга ылайык көр!Акром МАЛИК

3 070жолу көрүлдү

Комментарийлер

    Башка ырлар

    Сайтка кирүү

    Реакция калтыруу, комментарий жазуу жана жөндөөлөрдү сактоо үчүн кириңиз.

    Улантуу менен сиз колдонуучу келишимине жана купуялык саясатына макулдук бересиз.