Даанышмандык
Аалам өз жолу менен жүрүшү үчүн
Өзбек тилинен которулду · Түп нуска
Аалам өз жолу менен жүрүшү үчүнАр бир бөлүкчө ордунда турушу керек.Адамдын бакыты да бүтүн болушу үчүнКулак угуп, көз көрүшү керек.Башкача айтканда, кулак көрүп, көз угам десе,Кол «бутмун» деп козголоң чыгарса,Буттар баш болуп, башыңа келсе,Баштар бут болсо – чоң кордук ушул!..Мындай жийиркеничтүү – акыл бузулган,Илахий өкүмгө өзгөрүү жеткен!Ошол себептен илгертен калган накыл:«Өз чегиңди бил, өз чегиңде жүр!»Эгер акыл өз ишин аткара албаса,Демек, акылга баш ийбесе дене,Дененин иштери абдан бузулат,Эми чынжыр болот ылайыктуу чек.Эгер баш ийбесе падышасына эл,Эгер алсыз калса кулдардан падыша,Элдин да, шаанын да акыры ушул, бил,Эч ким куткара албайт, эй, кабардарлар!Эгер ит сыңары үрсө аял,Буттун астында калса эрдин урматы,Демек, ишке ашты шайтандын максаты,Демек, шарапка толду ибилистин жамы.Үйдүн өкүмдары – эр, шексиз,Үйдүн кожоюну – үйдүн акылы.Аял өз шаасына шек келтирсе,Демек, акылдын ишине зыян жетүүдө.Баары өз ордунда, жайында калсын,Босогочулар босогодо, төрөлөр төрдө.Ааламдан илахий тартип жоголсо,Ар нерсе бүтүп түгөнөт, көргө жыгылат.Жол берилбес иштерди кылбасын эл,Тукумдар таза болсун, өнүп өссүн.Багбан багы аман калышы үчүнТентек бутактарды буталасын, кессин.Акром МАЛИК
Комментарийлер
Азырынча комментарий жок. Биринчи болуп пикир калтырыңыз.