Сабыр
Жалаа ташын ыргыткан колдор кесилет,
Өзбек тилинен которулду · Түп нуска
Жалаа ташын ыргыткан колдор кесилет,Жалаа сөзүн айткан тилдер кесилет.Жалаачы тилинен, албетте, асылат,Сен болсо уланта бер, токтобо, эй дос,Түңүлүүнүн күлүн кармаба, эй дос.Ким канжар сайды дилге, унуткун,Ким жүзүн бурду, алысыраак кеткин.Чындык, берилгендикти бекемирээк кармагын,Бир күн бар – эң улуу сот, эй дос,Тайыз адамдарга окшобо, эй дос.Чектен ашкан кайгы жүрөктү сыздатат,Кайгынын тырмагында тыпырчылайт жан.Муңду жеңгин, жеңбесин шайтан,Душмандын алдында аксаба, эй дос,Зулумдун караңгысында какшаба, эй дос.Денени каптаса рак эгер,Түбүнөн кеспесең, келет коркунуч.Калпычы дос рактын уусунан да жаман,Калпычынын тырмагында калтыраба, эй дос,Кайдыгерлик кучагында үргүлөбө, эй дос.Суук кабар – шумкадам болот, шексиз,Шумкадам келсе кайгы келет, шексиз.Шум сөздөн ишенимдер өлөт, шексиз,Шумдарды дос тутуп ыйлаба, эй дос,«Аттиң» деп төшүңдү тамгалаба, эй дос.Дос деген үмүттөн сөз ачат,Ал келсе, капалар, кайгылар качат.Көзүнөн жарык, нурлар чачат,Адашып, чыккынчыны кучактаба, эй дос,Чын достон эч качан баш тартпа, эй дос.Азап менен ачуудан, түн менен түтүндөн,Жаман төлгө, жаман абал, жин-жинденүүдөн,Тынбай сүйлөсө коркунуч, муңдан,Мындай кесепетти сактаба, эй дос,Көмүрдү тазалайм деп актаба, эй дос.Көрдүк дайым түнт, кайгы ташыгандарды,Сенин кайгыңдан аш жегендерди.Жаман сөз, жаман кеп ташыгандарды,Алардын колунда бар тузак, эй дос,Аларды көрсөң, кач алыс, эй дос.Эгер көрсөң кимдир жан талашып жатса,Абалына боорукердик, ырайым менен кара!Мээрим көрсөт, балким, азабы арыКетсе, ажап эмес, бул – жакшылык, эй дос,Ушул ишти кылган – чын адам, эй дос.Атүгүл таштар жааса да, айт жакшы сөздөр,«Тообо, ырайым бар» де, жайнасын көздөр!Жакшылык жакшыны, албетте, издейт,Жакшы бол, жакшылык табат, эй дос,Хак ырайым пардасын жабат, эй дос.Кайгылардан дилиңди бошот,Түңүлүүдөн өңүң саргайбасын!Дайым дилиң түнү-күнү жарык болсун,Кана, муңдан чык, кана, күл, эй дос,Хактын ырайымы кең, үмүт кыл, эй дос!Акром МАЛИК
Комментарийлер
Азырынча комментарий жок. Биринчи болуп пикир калтырыңыз.